Конкурстук негизде өзүн сынап, райондун акимдигине, орун басарлык кызматтарга талапкерлер документтеринерди тапшыра берсе болот. Бул тууралуу президенттик аппараттан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, сынак үч этапта өткөрүлөт.

Биринчи этап — эмгек стажына, билимине жана кызматтык профилине коюлган квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин изилдөө.
Экинчи этап — компьютердик тестирлөө.
Үчүнчү этап — Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн сынак комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар үчүнчү этапсыз токтоосуз кабыл алынат. Бул кадрлар резервинин курамы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында жалпыга маалымдоо үчүн жайгаштырылат.

Квалификациялык талаптар:
— Жогорку билим;
— мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— тиркемеге ылайык формадагы жеке арыз;
— арызга ылайык формадагы сүрөтү менен резюмеси;
— нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт).
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 1-мартынан 2021-жылдын 19-мартына чейин.

Маалымат үчүн байланыш тел: +996 312 62 04 05, +996 312 62 02 43.