Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өтүүдө. Чогулгандар «Парламент таркасын!», «Хандыкка жол жок!», «Стоп Ханституция!» деген жазууларды кармап алышкан.

Анда «Легитимсиз парламент таркасын», «Конституциянын жаңы долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун» деген талаптар айтылды.

Иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматовдун айтымында:

«Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, 80 депутат демилгелеген Конституциянын долбоору 17-ноябрда парламенттин сайтына жарыяланган. Ал Баш мыйзамдын долбооруна 67 өзгөртүү киргизилген. Ал эми февралда жаңы редакция жарыяланды. Ал жаңыдан демилгелениши керек эле. Андай болгон жок. Жогорку Кеңеш ага көз жуумп, каалаганын кылууда. Аларды президент, өкмөт колдоп, бардыгы кылмыш жолуна — бийликти узурпациялоого баратышат», — деди Молдакматов.

3-мартта Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.  Документти 87 депутат колдосо, тогузу каршы добуш берген.