Чүй облусунун Жайыл районунда 80 жаштагы карынын өлүмү Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Облустук милициядан аны өлтүрүүгө шектелип уулу кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-мартта таңкы саат 06:30 чамасында Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.

Териштирүү учурунда сөөк 1940-жылы туулган аял кишиге таандык экени аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип 1977-жылы туулган уулу кармалып, күнөөсүн моюнга алган. Энесин бензин куюп өрттөп жибергенин жана кылган ишине өкүнөөрүн айткан.

Азыр ал милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта.  Шектүү психикалык жактан жабыркап келгени айтылды. Окуяга эмне себеп болгону белгисиз. Тергөө иштери уланууда.