7-март күнү концертке келген шаар тургундары театрды ушундай абалда калтырган. Бул тууралуу А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Эмне дешимди да билбей турам. Бул көрүнүшкө экинчи жолу күбө болдум жана жазбай коюуга чыдамым жол бербеди.
Айланайын Баткендик бурадарлар, бул эмне кылганыңар? Биз силерге кандай жамандык жасадык да, неге мындай мамиле жасап жатасыңар?
Баткен театрында дээрлик баардык маданий иш-чаралар өтүп келет. Баткен шаарында жападан жалгыз көзгө басаар маданий ордо дал ушул театр. Аталган театрда биз иштегенибиз эле болбосо бул театр элдики, түз айтканда сиздердики, жалпак тил менен айтканда Баткендиктердики. Баарыбыз аяр мамиле жасап, таза-тыкан кармасак өзүбүздүн эле абийир го. Ар бир спектакль же концерт болгондо ушинтип жеп-иччү нерселерди алып киргиле, ойдогудай эс алгыла. Бирок, отурган жериңизге таштап кетүү одоно орой мамиле эмеспи?! Өзүңүздөрдүн маданият үйүңүздөргө өгөйдөй мамиле жасоо туурабы? Же өз үйүңөрдө да ушинтип отурасыңарбы?! Ала келген ошол нерселерди кайра пакетке салып сыртта турган урнага таштап коюу ошончолук оорбу? Эми мындай көрүнүш качанга чейин уланат билбейм. Өтүнүч, маданий ордоңуздарга анчейин орой болбоңуздар?..»
Маалыматка ылайык, 6-7-март күндөрү жеке артисттерге ижарага берилген.