Март айынын акыркы жумасында мектеп окуучулары 10 күн эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базистик окуу планына ылайык, окуучулардын жазгы эс алуусу 22-марттан 1-апрелге чейинки аралыкта өтөт. Окуучулар 10 күн эс алышат. Ал эми, 1-апрелден IV чейрек башталат.