Жашоодо бир ирет жаңылып, экинчи ирет сынгандан артык сокку жок экен. Шаабайым  сууп, шагым сынып, алдыга койгон үмүт, кыялдар быт-чыты чыккан бойдон, тек гана  арзуу болуп кала берди.

Мен жаш кезимде шок болчумун, апам дайыма шоктугумдун айынан бүлүндүрүп, сындырып, чачып, талкалагандарды артымдан жыйнап жүрүп тилдейт эле. Ошондо чоң апам:

– Кокуй, балам, өзүңдүн эле балаң го, жакшы сөз айтып тилдесең, – дээр эле.

Ал кезде апам да жаш болуп, улам чачылган жерди жыйнап тажаганда урушаар эле да.  Бирок, ошол ооздон чыккан кепке периште бата кылат деген чын окшойт.

Бой жетип үйлөнгөнүмдө жылга жетпей ажыраштым. Анда да өзүмдү күнөөлөп кала бердим. Экинчи ирет, арадан бир топ жыл өткөндө, бир кызды көрүп, чыныгы сүйүү, чоң бакытка кезиккендей болгонумда шагым сынды.

Көп жылдан бери шаарда батирде турам. Кошуналар эжелер баары макташат. Үйдүн ээси орус кемпир. Ал болсо аябай жакшы көрөт. Эрте менен жумушка кетет, кечинде уктаганы эле келет деп. Ага эмне ай сайын келип акчасын алып турса болду да.

Кээде мен деле буулугуп капа болгондо, анча-мынча кыздарды алып келип көңүл ачып коем. Бирок аны эч ким байкабайт. Элдин баары уктап жатканда ууру мышыктай келип, анан кеткен кыздарды ким байкамак эле. Бирок, жашоо ушундай эле улана бербешин да билем. Артымда туяк калтыруу керек аны да билем. Бирок көңүл сынып, арзыган адамыңа туш келбеген баарынан кыйын экен.

Жогоруда айткандай, бир кызга ашык болдум. Болгондо да менин кыялымдагы ханыша. Аттиң десең, кудум мен арзуу кылгандай, бою, келбети, мүнөзү, сүйлөгөнү күндө кечинде мен элестетип, түшүмдө жолугуп, армандаган жан. Өзүм таң калам, кыялымдагы периштени тапканга. Биринчи ирет көргөндө эле ал меники болот дедим. Бирок, шашып чечим чыгарып, жүрөктү экинчи ирет оорутуп алаарымды кайдан билдим.

Кечинде жумуштан чыгып, маршруткага чыктым. Эки аялдама жүргөндө дал ошол, мен эңсеген периште чыкты. Ордуман туруп орун бердим. Назик үнү менен “рахмат”  деп отурду. Көргөн көзүмө ишенбей, кыялымдагы селкини карап тура бердим. Ордуман да жылбадым. Улам эшиктен кирген эл бутумду тепсеп, “жылбайбы устундай болбой” дегенине карабай, көз албай карап тура бердим. Качан гана ал бийкеч ордунан туруп алдыга умтулганда мен кошо артынан ээрчидим. Карасам мен түшчү аялдамадан ал тушүп баратат. Артынан калбай ээрчип баса бердим. Кудум менин үйүмө бара жаткандай, мен кирчү подъезден кирди, мен жашаган үчүнчү  кабатка көтөрүлүп, мен жашаган секцияга кирди. Муундарым калтырап, түшүмбү деп өзүмдү чымчып коем. Жок түшүм эмес. Кериле басып, менин бөлмөмдөн ары өтүп, жогорку бөлмөдө жашаган  Апал эженин каалгасын каккылады. Денемдин баарын калтырак басып, үйгө кирип эле көзөнөктөн карап тура бердим. Бир мезгил Апал эже чай койгону чыкты. Атып чыктым да, эжеден үйүнө келген кыз тууралуу сурай баштадым.

– Ооба, сиңдим ал, мугалим, кызыгып калдыңбы? – деп каткыра күлдү.

Эжеге жалдырап тааныштырыңызчы деп сурандым. Эже макул эртең телефон номерин алып берем деди. Ошол бойдон түнү менен менде уйку жок. Таң атпай жумушка кеттим. Кеч кириши азап болду. Көз алдыман баягы селки кетпейт. Кеч киргенде ашып-шашып үйгө жеттим. Апал эже көздөн  учат. Залга кирсем эже идиш-аяк жууп жатыптыр. Жолдон ала келген шоколадды эжеге сундум:

– Бул сизге…

– Рахмат, бирок, бирок сен ойлогондой болбой калды, – деди эже.

Таң кала карадым.

– Се-е-ен, аябай жакшы жигитсиң, акылдуу, тартиптүү. Бирок, билесиңби, менин сиңдимдин жигити бар экен. Ата-энем каршы болушкандан, азыр экөө жашыруун нике кыйып жашап алышыптыр. Ошону кечээ мага айтканы келиптир, – деди эже.

Тээ алысты карап кайра:

– Эми кантип апама муну айтам, – деп оор үшкүрүнүп алды.

Дендароо болуп үйгө кирдим да жыйылбай жаткан төшөгүмө куладым. Чечинген деле жокмун. Мээм ойлонгондон тажагандай, бир кезде өзүмө келсем жаздыгым суу болуп, көзүмдөн жаш куюлуп жатыптыр. Эркек башым менен биринчи ирет ыйладым. Жүрөгүм ыйлап жатты. Эркекке  деле бак тилөө керек экен. Эркектин да багы ачылбаса кыйын экен. Жашым 40 ка келип калды, эми дагы баягы кыялдагы кыз менен канча күн кечирем ким билет…

 

Автор  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.