Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште Шайлообек Атазов ант берди. Борбордук шайлоо комиссиясы 7-мартта Шайлообек Атазовго мандат тапшырылган.

Ал Искандер Гайпкуловдун ордуна депутат болуп келди. Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.