Коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө инвозивдүү операция жасалат.

Бул тууралуу «Бикард» клиникасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Елена Баялинова «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Матраимов биздин клиникага кан басымы жогорулап, айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда алып келинген. Учурда ага операциянын алдындагы атайын кароо жүргүзүлүп жатат. Анын жүрөгүнүн кан тамырларына скальпельсиз — инвозивдүү операция жасалат»,-деген.

Елена Баялинованын айтуусунда, учурда дарыгерлер Матраимовдун бөйрөгүнө да кароо жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-февралда эки айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлап, Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасына жаткырылганы кабарланган.

Булак: Азаттык