Сүлүктү шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо, аларга карата зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Сүлүктү ШИИБнин жашы жете электер  менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, мектеп мугалимдери, соцпедагоктор менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери биргеликте жыйындарды уюштуруп,  шаар аймагындагы турак үйлөрдү кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн абалы менен таанышып, тобокел топтогу, турмуштук оор шарттагы үй-бүлөлөр, профилактикалык каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Жыл башынан бери Сүлүктү шаарында жалпысынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 5 факт катталып, анын ичинен 1 факт жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук катталган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы