Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында референдум жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда мыйзам долбоорунун демилгечи депутаттары жоопкерчиликти президент өзүнүн мойнуна алып жатканын айтышты.

Депутат Евгения Строкова эл өкүлдөрү президент мойнуна алып жатат деген сөздөн алыс болууга чакырды. «Садыр Жапаров Конституция боюнча жоопкерчиликти мойнуна алып жаткан жок. Бул куулук менен жасалган. Демилге ал аркылуу болуп жатат. Аягында Жогорку Кеңеш күнөөлүү болот. Силер чимкирик болгондон тажаган жоксуңарбы? Болду жетишет», — деди ал.