Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы быйыл отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.

Садыр Жапаров өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров маданий-гуманитардык өз ара байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.

Мевлүт Чавушоглу түрк тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.