Жогорку Кеңеште референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок

Референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок. Жогорку Кеңештин жыйынында референдум тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары орун алып,  коомчулукта кызуу талкууга алынып келген.

Бул ирет да маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн тартууга даярданып жатышты.

Бирок бул мыйзам долбооруна добуш берүү кийинкиге жылдырылды. Айрым депутаттар бүгүн добуш берүү болушу керектигин айтышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аталган мыйзам долбоорун аппарат кызматкерлери добуш берүү тизмесине кошпогонун белгиледи.