Башкы прокуратура блогер Сыдыманов Элмир Болотбековичти айыптоодон баш тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында өткөн соттук отурумда мамлкеттик айыптоочу Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 330-бер. 1-б. негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.

“2020-жылдын 4-февралында өзүнүн социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп, региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан. Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиондук соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган. Соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталбаган”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган.

Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал өткөн жылдын 18-февралында Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.