Жумгал районунда жергиликтүү тургундар жолду тосушкан. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, алар түндүк-түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгүн курууну баштаган компаниядан ишти аягына чыгарууну талап кылышууда.

Тургундар аталган компания унаа жолдун бир бөлүгүн куруп бүтпөй, дайынсыз болуп жатат дешүудө. Окуянын чоо-жайы өкүлчүлүктө такталууда.