Спорт менен  алектенген адам мыкты ден соолукка ээ болуп, чыйрак, күжүрмөн жана кайраттуу болушат. Бул сапаттар ар бир милиция кызматкеринде дагы болушу кажет. Бул сапаттарга ээ Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери  милициянын лейтенанты Токтосун Мурзаев ички иштер органдарында 2008-жылдан бери кызмат өтөйт.  Ал 1989-жылы Жалал-Абад облусунун  Токтогул шаарында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу.

2000-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарына көчүп келишкен.  Атасы Каныбек Мурзаев волейбол жана жеңил отлетика боюнча спорт чебери болгондуктан, Токтосун мырзанын спортко болгон кызыгуусун жана аны менен алектенип калуусуна  чоң себепкер болгон инсандардын бири. Ошондуктан 3-класстан баштап спорттун жеңил отлетика түрү менен, андан соң спорттун волейбол, поурлифтин жана башка түрлөрү менен машыга баштаган.    Каарманым менен маектешүү учурунда белгилүү болгондой,    ата-бабалары дагы балбан болушкандыктан, анын бир тууган инилери дагы Жаныбек менен  Бекболсун спорттун ММА (эрежесиз мушташ) жана башка түрлөрү менен машыгып, көп ийгиликтерди жаратып келишүүдө.

Ново-Николаевка орто мектебин 2006-жылы бүтүргөн соң, аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, ал жакта спорттун бардык түрлөрүнө көп басымдуулук жасагандыктан, гиря көтөрүү спортун бат өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Аскерден 2008-жылы кызмат өтөп келип, ошол эле жылы ИИМдин МАККББнын Жайыл районунун күзөт бөлүмүнө сержант наамы менен кабыл алынып, 2014-жылга чейин кызмат өтөгөн. Кызмат учурунда жыл сайын өткөрүлүп турган ИИМдин МАККББнын гиря көтөрүү спорту боюнча чемпионатында 7 жыл катары менен чемпион болуп, ИИМдин жана МАККББнын атынан  Кыргыз Республикасынын чемпионаттарына катышып,  бир нече жолу ийгиликтерди жараткан.

2014-жылы Чүй облусунун ОИИББдин кайгуул күзөт кызматына которулуп, 2015-жылга чейин иштеп жана ошол эле жылы Жайыл районунун ИИБнүн Нөөмөт бөлүмүнө нөөмөткердин жардамчысы кызмат ордуна дайындалган. Ноометкердин жардамчысы  катары 4 жыл кызмат өтөп, 2019-жылы Жайыл районунун ИИБнүн КМКнын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келет.  “Эң башкысы элимдин тынчтыгы менен бейпилдигин камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүп  жатканыма сыймыктанам. Биздин түздөн-түз милдетибиз кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук тартипти сактоо болуп саналгандыктан, бош убакытым болгондо убакыттымды текке кетирбей спорт менен алектенгенге аракет кылам.  Ийгилик- бул  күн сайын жасалган иш-аракеттердин жыйынтыгы деп айтылгандай, мен күн сайын эртең менен чуркайм жана андан кийинки машыгуумду кечинде өткөргөнгө аракет кылам.

ИИМдин кызматкери болуу мен үчүн чоң сыймык болсо,   спорт менен  машыгуу мага дем-күч берип турат деп айтсам жаңылышпайм. Ошондуктан менин жашоомдо  эң маанилүү орунду дагы Мекен алдында кызмат өтөөгө шарт түзгөн тартип сакчылыгы менен спорт ээлейт.  Андан сырткары, мага ушунун баарына мүмкүнчүлүк түзүп берген Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Гиря көтөрүү федерациясынын президенти Кубат Абдраимовко жана Эмил Чакибаевке терең ыраазычылык билдирем”,-деди милициянын лейтенанты Токтосун Мурзаев.

Спорттогу ийгиликтерине көз чаптыра турган болсок,  Россия Федерациясынын Уляновск шаарында болуп өткөн улуттук оюндардын 1-фестивалында бир нече спорттун түрүнөн Кыргыз Республикасынын курама командасынын капитаны болгон. Милициянын лейтенанты Токтосун Мурзаев Гиря көтөрүү спорту боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ИИМдин Чемпионатынын 9 жолку чемпиону, 2014-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстандын чемпионатынын 6-жолку чемпиону, 2015-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын Чемпионатынын 4 жолку чемпиону, 2013-жылдын 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ачык кубогунун 4 жолку чемпиону, 2013-жылдан 2014-жылга чейин Ысык-Көл Эл аралык оюндарынын байгелүү орундарынын ээси, 2017-жылдын ичинде  КМШдагы Коргонуу министрлигинин арасында өткөн аскердик-спорттук оюндардын 3-орунду, Россия федерациясында өткөн КМШнын улуттук оюндарынын 1-фестивалында 3-орунду,    Ташкен шаарында өткөн Азия Чемпионатында 1-орундун, Түштүк Кореяда өткөн Дүйнө Чемпионатында 5-орундун, 2018-жылдын ичинде Ташкен шаарында өткөн Өзбекстандын Ачык кубогунда 2-орундун, Латвия Республикасында өткөн Дүйнө чемпионатында 2-орунду багындырып, мамлекетибиздин желегин желбиретип, элдин уулу аталып, бүтүндөй кыргыз милициясынын сыймыгына айланды десек жаңылышпайбыз.

Милициянын лейтенанты Токтосун Мурзаевге мындан ары дагы ички иштер органдарындагы кызматында жана спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы