Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда майыптар коляскаларын жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып, жалпы суммасы 28 миллион 754 миң сомду түзгөн. Ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон.

«Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери өз иш-аракеттери менен мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул факты боюнча мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси «билип туруп пайдасыз контракт түзүү» боюнча кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.