Бишкектин 300 миңден ашык калкынын өкүлдөрү, атап айтканда, макамы бар 47 калктуу конуштун жана 7 жаңы конуштун жашоочулары (макамы жок), 2021-жылдын 9-мартында өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтуу жана алдыда турган чыныгы орчундуу маселелерди билиши үчүн аларды Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара жаткан партияларга жеткирүү максатында чогулушту.

Өкүлдөр белгилегендей, айрым калктуу конуштар түзүлгөн күндөн тартып, 30 жыл ичинде шаардын толук кандуу бөлүгү катары калыптанып калды, ошону менен бирге эле инфратүзүмдүк көйгөйлөр толук чечилген эмес деп айтууга болот, ал эми айрым жаңы конуштарда бүгүнкү күнгө чейин жашоонун эң жөнөкөй шарттары жок. «Жаңы конуш», «турак жай массиви» деген түшүнүк терс мааниде бийликте иштегендердин мээсине абдан сиңип калган. Ошондон улам бизге жана биздин үй-бүлөлөргө карата тоотпостук мамиле кылып келишет. Балким ошондуктан биздин маселелер экинчи маанидеги калдык прициби боюнча чечилип келсе керек, биз шаар деген – бул калаа борборундагы алтын квадрат гана эмес, бул биз жашап жаткан райондор дагы шаар катары саналаарын түшүнүшүбүз керек. Жаңы конуштарды өнүккөн бирдиктүү кичирайондорго ирилештирүүгө, биз үчүн кайда бара жатканыбыз түшүнүктүү болгон жана өз сунуштарыбызды киргизе ала турган жалпы коом үчүн ачык өнүгүүнүн айкын пландарын түзүүгө, сапаттуу инфратүзүмгө, муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү аныктоодо өзүбүздүн жардамды көрсөтүүгө даярбыз. Биздин негизги талаптар ушулар.
Ошону менен бирге эле, шаардык Кеңештин учурда иштеп жаткан айрым депутаттарынын бүгүнкү күнү шайлоого барууга укугу жок деген пикирлер айтылды. Анткени алар депутаттык ыйгарым укукка ээ болуп турган мезгилде өздөрүнүн ишке жөндөмсүздүгүн көрсөтүштү жана шаардык масштабдагы негизги маселелерди чечишкен жок. Анын үстүнө шаар үчүн оор күндөрү борбор калааны кароосуз калтырышты, өз ара биригип жана шаарды коргоого алышкан жок. Ошол оор учурда шаар жашоочулары өздөрүнүн ынтымагын жана өзгөрүүлөргө даяр экенин көрсөтүштү.
Ошондон улам бүгүн биз аң-сезимдүү тандоо кылабыз деп айтуу үчүн чогулдук! Жүзөгө аша турган реалдуу программаларды тандоонун негизги чен-өлчөмдөрүн, талаптарын койдук! Аны менен бирге биз бардык убадалардын аткарылышын талап кылабыз.
Биз, Бишкектин 300 миңден ашык калкынын Өкүлдөрү, атап айтканда, макамы бар 47 калктуу конуштун жана 7 жаңы конуштун жашоочулары (макамы жок) бардык көйгөйлөрдү талкуулоо менен негизги үч маселени чечүүнү талап кылабыз:
1. — Калктуу конуштарды, жаңы конуштарды кичирайондорго ирилештирүү жолу менен тиешелүү макам ыйгарып, макамын өзгөртүүнү;
2. — Жаңы кичирайондордун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуууу, стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына жаңы кичирайондордун жашоочуларын кошуу, өнүгүү стратегиясын коомдук көзөмөл алдында токтоосуз түрдө жүзөгө ашырууну;
3. Жаңы кичирайондорго инвестиция тартууну;
4. Бишкек шаардык кеңешинин ар бир депутатына Жылдык отчеттуулук киргизүүнү;
5. Жаңы кичирайондордун экологиялык кырдаалын жакшыртуу.