Мындай пикирин экс-министр Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, майыптыгы бар балдарга атайын көп функционалдуу коляскалар 15000 сом эмес 100 миң сомго чейин барат.

“Мен иштеп кеткен министрликтин жана кызматкерлердин дарегине айтылып жаткан пикирлерден улам мен өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.

Мен министр болуп келгенде шал ооруусу (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз комнатада жүрүүчү жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип салуу мүмкүн болгон жок. Анткени, Өкмөттүн жоболорунда көп функционалдуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле.

Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функционалдуу коляскалар менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан. Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын.

Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй комнатада жүрүүчү коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган.

50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот. https://max.kg/…/kreslo…/mnogofunkcionalnye-kolyaski .

Аныгына жетпей туруп, каңырыш угуп алып эле айта берген, жаза берген ылайыксыз нерсе. Ырас, «Москвичтин» акчасына «Мерседес» бербейт. Ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы болот. Албетте, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керек, бирок, министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок деп ишенем»,-деген ал.

Эске салсак, кечээ, 10-мартта УКМК, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып, жалпы суммасы 28 миллион 754 миң сомду түзгөн. Ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон, деген малымат тараткан. Ал эми, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.