Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы чөнтөк ууруларынан кантип сактануу керектиги тууралуу кеп-кеңештер менен бөлүштү.

Облустук милиция билдиргендей, чөнтөк уурулары тарабынан жасалган кылмыштар шаарларда жана райондордун борборлорунда көп катталат.

Чөнтөкчүлөр жылдын кайсы мезгили болбосун коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө, базарларда жана эл көп чогулган жерлерде уурулук жасашат.

Төмөнкү жөнөкөй эрежелерди кармануу менен чөнтөк уурулардан сактанууга болот:

  • эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;
  • капчыгыңыз чөнтөгүңүздөн көрүнүп калбасын, бул жагдай уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыз;
  • уюлдук телефонду бейтааныш же болбосо чоочун адамдарга бербеңиз;
  • коомдук транспорттордо же эл көп топтолгон жайларда уюлдук телефонуңузду курга илүүнүн, же аны атайын жип менен мойнуңузга байлап коюнун кажети жок. Дайыма ички чөнтөккө салып коюӊуз;
  • көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөгө калтырбаңыз;
  • төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз — бул сактануунун эң ишенимдүү ыкмасы;
  • сумкаңыздын сыдырмасы бекитилгендигин текшерип, эл көп жайда бекем алып жүрүӊүз;
  • эч качан акча каражаты салынган капчыкты соода арабасына салбаңыз;
  • сизге жакын турууга аракет кылган адамдарга дайыма көңүл буруңуз;
  • үйдөн чыгып жатканда капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
  • капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз же кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо 102 кыска номуруна чалыңыз.

Булак: Спутник.кж