Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы жакынкы аралыкта ачылат. Бул маалыматты Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 10-мартта Бишкектеги иш сапарынын алкагындагы маалымат жыйында билдирди.

Ал Түркия Кыргызстанды саламаттыкты сактоо тармагында колдогонго даяр экенин билдирди.

«Пандемия учурунда дагы көмөк көрсөтүлдү жана дагы улана берет. Кыргыз-Түрк ооруканасынын ачылышы боюнча бардык макулдашууларга кол коюлган. Жакында оорукана ачылышы керек», — деди министр.

Түркиянын тышкы иштер министри менен Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри да жолугушту.