Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

28 шаардык кеңештин депутаттыгына 59 саясий партия талапкерлерди сунуштады.

11-апрелдеги шайлоого бардыгы болуп 59 партия катышат.

Шайлоого катыша турган партиялар жана алар ат салыша турган шаарлар:

1. «Ата Журт Кыргызстан» — 21 шаарда;

2. «Өнүгүү-Прогресс» — 17 шаарда;

3. «Замандаш» — 16 шаарда;

4. «Ыйман нуру» — 15 шаарда;

5. «Ынтымак» — 14 шаарда;

6. «Республика» — 12 шаарда;

7. «Социал-демократтар» — 13 шаарда;

8. «Эмгек» — 11 шаарда;

9. «Бүтүн Кыргызстан» — 7 шаарда;

10. «Улуу журт» — 7 шаарда;

11. «Бирге-Вместе» — 6 шаарда;

12. «Ишеним» — 5 шаарда;

13. «Кыргызстан» — 5 шаарда;

14. «Тынчтык» — 5 шаарда;

15. «Бир бол» — 4 шаарда;

16. «Жаңы доор» — 4 шаарда;

17. «Ата Журт» — 4 шаарда;

18. «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы» — 4 шаарда;

19. «Патриот ынтымагы» — 4 шаарда;

20. «Аманат» — 3 шаарда;

21. «Мекен ынтымагы» — 3 шаарда;

22. «Нур» — 3 шаарда;

23. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» — 3 шаарда;

24. «Ордо» — 3 шаарда;

25. «Табылга» — 3 шаарда;

26. «Чоң казат» — 3 шаарда;

27. «Мурас» — 2 шаарда;

28. «Айкөл Кыргызстан» — 2 шаарда;

29. «Асман Ала-Тоо» — 2 шаарда;

30. «Ата Мекен» — 2 шаарда;

31. «Бийлик элге» — 2 шаарда;

32. «Жашылдар партиясы» — 2 шаарда;

33. «Коммунисттер партиясы» — 2 шаарда;

34. «Реформа» — 2 шаарда;

35. «Кыргызстандын социалисттик партиясы» — 2 шаарда;

36. «Улуу Кыргызстан» — 2 шаарда күч сынашат.

Ал эми төмөнкү партиялар бир гана шаарда талапкерлерин көрсөтүшөт:

37. «Улутман»

38. «Ак шумкар»

39. «Калк ынтымагы»

40. «Энергетиктер партиясы»

41. «Адилет»

42. «Адилеттүү Кыргызстан»

43. «Ак бата»

44. «Ала-Тоо — кыргыз жери»

45. «Бүткүл жаштар»

46. «Калыс»

47. «Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы»

48. «Элдик партия»

49. «Биздин эл»

50. «Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы»

51. «Патриот»

52. «Свобода выбора»

53. «Тилектештик»

54. «Эл биримдиги»

55. «Элдик-Народная»

56. «Асыл мурас-Жаштар»

57. «Күчтүү коом»

58. «Столица»

59. «Тазалык».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесинин көрсөтүлүшүнүн мыйзамга шайкештигин текшерет. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттоо же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Текшерүү мекемелер аралык “Түндүк” электрондук тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда эгер шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого тоскоол болгон документтердеги дал келбестиктерди тапса, анда шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул карама-каршылыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоого чейин 30 календардык күн калганда, тактап айтканда 12-мартта аяктайт.

Булак: Баракелде