Бишкек шаардык соту борбор калаада митинг жана башка тынч акцияларды өткөрүүнү эки айга чектеген чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу 10-мартта “8/365” демилге тобунун өкүлү, юрист Евгения Крапивина билдирди.

Анын айтымында, райондук соттун Биринчи Май райондук акимчилигинин митингдерди бир гана жерде өткөрүү демилгесин колдогон чечими жокко чыгарылды. Юрист акимчиликтин демилгеси мыйзамсыз болгонун айтууда:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чынында чектөөгө укуктуу. Бирок чектөө бардык иш-чараларга эмес, согушка үгүттөгөн, кастыкты козуткан, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген гана тигил же бул конкреттүү иш-чарага байланыштуу болушу зарыл”.

Биринчи Май райондук администрациясы 22-февралдан 22-апрелге чейин митинг жана башка тынч акцияларды Максим Горький атындагы бакчада гана өткөрүү тууралуу чечимин 22-февралда чыгарган. Райондук сот бул чечимди мыйзадуу деп баалаган.

Крапивинанын айтымында, ушундай эле чектөө былтыр да киргизилип, соттун чечими менен жокко чыгарылган.

“8/365” тобу 2020-жылдын 8-мартында Бишкектин Жеңиш аянтында аялдардын укуктарын коргоого багытталган тынчтык маршын өткөрүүнү пландаган. Бирок бул акция кол салууга кабылган. Быйыл аялдарга арналган акциялар Бишкекте жана Ошто тынч өттү.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”