Бишкекте 13-14-март күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке өтө турган аймактар:
Биринчи май району — Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
Октябрь району — 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
Свердлов району — Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).
Азык-түлүккө болгон баа:
уй эти — 390-405 сом;
жылкы эти — 380-390;
кой эти — 400-405;
тоок эти — 200-210;
өсүмдүк майы — 130-132;
тооктун жумурткасы (10 даана) — 75-85;
үй жумурткасы (10 даана) — 90-95;
кумшекер — 56;
күрүч — 55-60;
алма — 30-50;
сабиз — 10-15;
картошка — 22-27;
пияз — 14-16