Кыргызстандык Сыймыкбек Алмазбек уулу Москва шаарындагы метродо адамды куткарып калды. Режиссер Кенжебек Шайлообаевдин маалыматы боюнча, бул окуя 9-мартта болгон.

«Бул инимдин аты Сыймык. Атына заты жарашкан өзү да сыймыктантчу бала. 9-март күнү Москва шаарындагы «Текстильщики» метросунун станциясынын рельсине кулап түшкөн орус улутундагы мас адамды өзүнүн жанын тобокелге салып алып чыкты. Ооба, жалгыз эмес. Жанында чечен улутундагы жигит да бар болчу.

Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган орустун эргулдары туруп жардамга кол суна алган эмес. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичи пейил, Куранды жатка билген кары жигит. Бар бол. Биз сени менен сыймыктанабыз!», — деди К.Шайлообаев.