Кыргызстанда казак элинин залкар инсаны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтүүдө. Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова «Абай» атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду. Мындай жакшы кабар менен ырчынын кызы Кундуз Авашова Facebook социалдык тармактагы баракчасына окурмандар менен бөлүшкөн.
 
«Кечээ кымбаттуу апакем Саламат Садыкова «Абай» атындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду.
Сыйлыкты Казахстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Раимкулова Актоты айым тапшырды. Сыйлык тапшыруу салтанаты А. Осмонов атындагы улуттук китепкананын Абай Кунанбаев маданий борборунун залында өттү.
Кыргыз-казак маданиятына кошкон салымыңыз менен ар дайым бийиктикте жүрүңүз. Чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!
Шартка байланыштуу кечээ мен барып алдым. Мен үчүн күтүүсүз жана бактылуу күн болду!» — деген билдирүү калтырган Кундуз Авашова.
Кыргыздын сыймыгы, дүйнөнүн музыка чебери Саламат Садыкованын сыйлыгы кут болсун! Кыргыз-казакка кызмат кылып, кыйырга таанытып келесиз! Мээнеттер, эмгектер баалана берсин.