Бүгүн 11-мартта Кыргызстандагы райондордун акимдери жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү башталды. Иш-чара Нарын областынан башталат. Бул тууралуу Мамлекетик кадр кызматынан кабарлады.
Аталган кызматтын башчысы Абдырахман Маматалиев “Биринчи радиого” берген маегинде район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерерин айткан.
Аттестация онлайн форматында өтүп жыйынтыгы мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жарыяланат.
Булак: Биринчи радио