Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен
маек.
– Камчыбек Ташиевди жаманатты кылуу аракеттери башталгансыйт, ага удаа эле Ахматбек Келдибеков тууралуу да терс маалыматтар тарады. Сиз аларды жакшы билесиз, үч дос бир кезде бирин бири сатып кетишкен деген сыяктуу
имиштерге жообуңуз кандай?
– Жапаров, Ташиев, Келдибековдун үстүнөн бирин-бирине мурда каршы болушкандай, бири бирин «сатып» кеткендей атайын маалымат «согушу» бул үчөө кокусунан биригип кетпеши үчүн азыркы бийликтин негизги душмандары тарабынан максаттуу
жүргүзүлүп жатат. 2012–2013-жылдары “Ата-Журт” партиясын бөлүп-жарган саясаттын уландысы. «Ташиевге, Келдибековго, же азыркы президентке» деп бөлүп карабоо керек. Саясат мерчемдүү, ойлонулуп, ар кимисинин таалуу жерине багытталып жатат. Дегеле кандай гана күчтүү бийлик болбосун, ынтымактуу идеалаш, бир муштумдай команданды сактабасаң айланасына жалаң ар замандын кошоматчыларын топтоп алып, бийлик жүргүзүшкөн мурдагы  бийликтин кейпин кийишет. Бул үчөө 2011–2013-жылдары реалдуу бийлик ээлери болушкан. Анан кантип бири-бирине «душман» болушту эле, унутпашы керек. Мен үчөөнө тең адвокат болгон адам катары үчөөнүн тең күчтүү жана алсыз жактарын билем. Ошондуктан айтып жатам. Мисалы, Келдибеков берки экөөн “кантип сатып кеткенин” ичинен билбейт экем. Бирок мен билем, Жапаров, Ташиев, Мамытовдор «бийликти басып алуу аракеттери» менен камалышканда, ошол эле Келдибеков достору үчүн Жалал-Абадда өткөн курултайды өзү каржылап, Мадумаровду ээрчитип барып элге сүйлөп, досторун коргогон. Ошондой эле, Бишкекте Спорт Сарайда , М. Горький атындагы паркта өткөн жыйындардын чыгымдарын достору үчүн көтөргөн. Аны “Эл үнү” саясый-коомдук уюмунун штаб башчысы М.Абылов деле тастыктап берээр. Мен Келдибековдун досторун сатканын байкаган эмесмин.
– Коррупция менен күрөшүү акыркы айларда мурда болуп көрбөгөндөй темп менен кетип баратканын байкоого болот. Бул күрөштөгү туура жол жана жаңылыштыктар кайсылар?
– Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү мыйзам менен аныкталган, бекитилген, тартипте, чекте коррупционердин да мыйзамдагы укугун бузбай, ар тараптуу күрөш жүргүзүү керек. Бир гана «кустурам, куспасаңар камаласыңар» деген карапайым элге жагымдуу пиар чакырыктар менен коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес. Кыргызстандагы коррупцияга каршы жаңы бийлик мамлекеттик масштабдагы пландуу, бирдиктуу иш алып бара элек. Коррупция бир эле кылмыш эмес. Бул биринчи кезекте мамлекеттин саясый системасынын тамырына уялаган, COVID-19 тумоосуна окшогон жугуштуу ылаң. Аны жеңүү үчүн Ташиевдин жалгыз аракети жетишсиз. Эң башкы коррупция ЖКнын депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууда жатат. “Кумтөр”, “Жерүй” ж.б кен байлыктардагы коррупциялык схемалар токтотулган жок, улантылып жатат.
– Анда эмне кылуу керек?
– Үч-төрт кыргыз байларын тандалма, кайсы бир саясый күчтөрдүн басымы менен камап, анан кайсы бир өлчөмдө акча төлөтүү коррупция менен катыра күрөшүп жатат дегенди билдирбейт. Алардын кылмышы коррупциялык кылмыштарга да кирбейт. Мыйзамсыз баюу, арам акчаны адалдаштыруу – бул салык органдары «кустура» турган жеңил кылмыштар. Жогоруда мен айткан өзүбүздүн кен-байлыктардагы жүздөгөн миллиард доллар зыян келтирип жаткан коррупцияга, мүмкүн жаңы бийликтин колу тийбей жатса, байлыгыбызды ташып кетүүнү убактылуу токтотуп коюш керек болчу.
Коррупция менен күрөшүү үчүн Жапаров, Ташиевдерди сындап карап турбай кол кабыш кылып, жардам бериш керек. Мен ар кандай кайрылуулар менен өз жардамымды кеп-кеңешим менен берип жатам, аным да айрымдарга жакпай
калды. Эгерде жаңы бийлик керек десе факты, далилдерди да бергенге даярмын. Анткени, убагында биз баштаган иштерди азыркы жаштар билбей калышты, мурдагы президенттер аны аягына чыгаруунун ордуна, кайра бизди каралады. Ал эми кылмыш иштер атайын өрттөлгөн же жок кылынган. Бирок менде, башка тергөөчүлөрдө көптөгөн факты, далилдер калган, жаңы бийлик сураса жардамыбызды берет элек.

Булак: Sayasat.kg