Жогорку Кеңеште кийинки аптада жалпы жыйындар жана комитеттердин, фракциялардын отурумдары болбойт. Бүгүн, 11-мартта депутаттар 15-19-мартта жер-жерлерде шайлоочулар менен иштөө тууралуу чечим кабыл алышты.

Буга байланыштуу, парламенттин жалпы жыйындары Нооруз майрамынан кийин уланат.

Эске салсак, бүгүн депутаттар 11-апрелде референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.