Расмий маалыматка таянсак, акыркы 7 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда электр энергиясы аз иштелип чыгарылган. Башкача айтканда бул жылы 9 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу өтө аз. Адистердин айтымында, бул көрсөткүч ушул нукта кете берсе электр энегияга болгон кризис жаралышы мүмкүн. Муну алдын алууда кошумча электр энергиянын булаган өндүрүп чыгуу зарыл. Кыргызстанда алгачкылардан болуп шамал жана күндөн ток өндүрүү идеясын сунуштап, жакынкы күндөрү аны ишке ашыруунун алдында турган ишкер айым Кундус Кырбашеваны кепке тарттык. Ал бул идеаны 3 жылдан бери көтөрүп чыкканы менен мамлекеттик органдар тарабынан колдоого алынбай жатканын тынчсызданды.

— Электр кубатын алууда альтернативалык багыт катары жашыл энегетиканын зарылчылыгына токтолсоңуз?

—  Жылдан жылга  Кыргызстандын калкынын саны өсүүдө, бул деген электр энергиясына болгон суроо талап өсүп жатат дегенди билдирет. Ошол эле учурда электр энергиясын өндүрүү кыскарууда. 2010-жылы калктын саны 5 миллион кезде биз 15 миллиард Киловатт саат электр энергия иштеп чыкчубуз, азыркы күндө өндүрүлгөн энергиянын көлөмү 14 миллиард 800 миң Киловатт болуп калды. Башкача айтканда Кыргызстандын электр энергия өндүрүү тармагы керек болгон көлөмдү бере албай жатат. Эгемендиккти алгандан бери энергия тармагында бир да инвестициялык долбоор жасай алган жокпуз. Тыштан карыз алынган 6 миллиард доллардын 2 миллиард долларга жакыны энергетика тармагына багытталган. Бирок энергетика тармагын өнүктүрө алган жокпуз. Тескерисинче артка кеттик. Электр кубатын алууда альтернативалык багыттарын колдонушубуз зарыл. Себеби бардык потенциалды бир багытка жумшап салсак климаттык факторлорго алып келиши мүмкүн. Мисалы Дүйнөлүк эксперттердин айтымында, 2023-2025-жылдары Кыргызстандын мөңгүлөрү 40 пайызга аз болот, анын кесепетинен суу 25 пайызга азайып суунун тартыштыгы жаралат. Азыркы учурда электр энергиясын колдонуп жаткан ар бир кыргызстандык ГЭСде канча суу бар болду экен, суу аз болуп жарыкты өчүрүү болбойбу деп ойлонот. Бизде андай суроолор жаралбаш үчүн шамалдан, күндөн энергия алууну жолго коюуу учурдун талабы. Ошого байланыштуу азыртадан мамлекет башка альтернативалык булактарды ишке ашырам деген инвесторлорду же жергиликтүү ишкерлерди колдоого алышы керек.

Демек Кыргызстанда электр энергиясына болгон таңкыстык бар. Буга жол бербеш үчүн кандай кадамга баруу керек?

— Мисалы, 1962-жылы курулуп баштаган Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөп, жамап пайдаланып келе жатабыз. Бирок, Токтогул ГЭСинин электр энергиясын бөлүп чыгаруу күчү жылдан жылга азайууда. Бир чети эскилиги жетсе, экинчиси климаттын өзгөрүшүнөн суунун азайуусу байкалууда. Жаман айтпай жакшы жок өткөн жылы пандемия учурунда 300 сомдук гепарин дарыны зарыкканда 3000 сомго алдык. Келечекте электр энергиясын да кошуна өлкөлөрдөн кымбат сатып албай, азыртадан мамлекет электр энергиясын альтернативдүү жолго салуу, башында айткандай шамал жана күн энергияларын колдонуу долбоорлорун бүгүнкү күндөн башташы керек. Мамлекет деле электр энергиянын жаңы булактарын алып келгиси келген инвесторлорду колдойбуз деп оозеки түрүндө айтышканы менен иш жүзүндө тоскоолдуктар бар.

— Кыргызстанда жашыл энергетиканы өндүрүүнү жолго коюуда кандай тоскоолдуктарга туш болуудасыз?

— . Биздин план боюнча шамалдан энергияны алган жабдууларды былтыр алып келип, орнотушубуз керек эле. Тилеке каршы пандемиядан улам планыбыз үзгүлтүкө учурап былтыр декабрда 1 даана жабдууну араң алып келдик. Муну алып келүү оңойго турган жок. Бир топ тоскоолдуктарга кабылдык. Эң биринчи эле тоскоолдук катары мыйзамдагы кемчиликтерди оңдоо зарыл. Жашыл энергияны чыгарууга багытталган жабдыктарга кошумча нарк салыгы төлөнгөнү болуп жатат. Бул эң чоң тоскоолдук. Бул маселени чечүүдө Экономика министри бизге жардам бергени менен ыйгарым укуктары чектелүү. Экинчи тоскоолдук жер маселеси. Шамал парктарын, күн станциясын салам деген ишкерге жер бөлүп бериши керек. А бизде андай болбой жатат, документиңди ал салчуңду сала бер ошондо мүмкүн жер беребиз дегендей мамиле болот. Мындай учурда кайсы ишкер тобокелчилике барат. Эч ким акчасын талаага таштагысы келбейт да. Ушул эки маселе жолго коюлса калганы кете берет

— Эмнеге ишкерликте ушул тармакты тандап алдыңыз?

— Бул идеянын жаралышы  2008-жылдарга барып такалат ошол жылдары электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп, элге бир топ түйшүк туудурган. Ошондой эле региндордо ишкерлик кылып жүргөндөда да жарык өчүп калып, бир топ тоскоолдукту жараткан. Ошол учурда электр энергиясынын альтернативалык булактарын ишке киргизсе болбойбу деген суроону пайда кылчы. Кийинчерээк ишкер катары чет өлкөдөгү көргөзмөлөргө барып калганда алдыңкы заманбап жабдыктарды, техникаларды көргөндө эмне үчүн мындай техникалар Кыргызстанда жок деген ой бар эле. Ошондон улам ушул ишти колго алып 3 жылдан бери ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Учурда Ысык-Көлдүн батышында шамалдан 100 Мватт ток өндүрүүчү шамал паркын курууну пландап жатабыз.

— Бишкек шаарынын башкы көйгөйү катары кайсы маселелерди айта аласыз?

— Азыркы учурда Бишкек шаарындагы ыш каптоо көйгөйү жаралууда.  Анын себептеринин бири шаар калкы кышкысын үйүн жылытууда көмүр жагат. Ошондой эле Бишкек ЖЭБи да көмүр менен иштөөдө. Бул көрүнүш абанын булганышына алып келгенин билебиз. Бул маселени чечүүдө электр энегиясын алуунун алтернативалуу багыты катары жашыл энергетиканы карасак туура болот. Мисалы шаарды жарыктандырууда да күндөн энергия алуу панелдерин орнотсо туура болчудай. Мисалы, быйыл ушул долбоорду баштаса эң аз дегенде үч жылдан беш жылга чейин убакытты алат. Долбоордун документтерин даярдап, уруксат кагаздарын чогулткуча эле бир жыл убакыт өтөт. Анткени Кыргызстанда брюкратия абдан өнүккөн. Эгерде мамлекет электр энергиясын альтернативдүү жолго салганга бүгүн шарт түзүп баштабаса, эртең кечигебиз. Бул долбоор ишке ашып калса Кыргызстандын экологиясын  сактап, ошол эле учурда экономикасын да көтөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлмөк.

— Соңку суроо болсун. Сизге окшоп ишкер болгусу келген айымдарга кандай кеп-кеңешиңизди берет элеңиз?

— Ишкер болгусу келген ар бир айым өз күчүнө ишениши керек. Ишеним менен алдыда көздөгөн максатыңы, планыңы ишке ашыра турган болсо оюндагыдай болот. Мен деле убагында жакын курбуларым тигүү цехин ачалы, кафе иштетели деген сунуштарын айтышкан. Бирок, мен өзүмдүн мүнөзүмө туура келген ишти баштайм деп туруп алдым. Кудайга шүгүр өзүң сүйгөн иш менен алек болгонго эмне жетсин ошондон ырахат жана эргүү аласың.

Кубанычбек Маматали уулу