Туура бир жыл мурун  11- мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жайылышы пандемиянын деңгээлине жеткенин жарыялаган.

Андан үч ай мурун Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын биринчи учурлары тууралуу кабарланган. Пандемия жарыяланганда көптөгөн өлкөлөрдө ишканалар, кеңселер, окуу жайлар жабылып, миллиарддаган адам катуу чектөө шартында жашап калган. Экономикалык ишмердик дээрлик токтоп, мамлекеттер ортосунда каттам үзгүлтүккө учураган.

Ошондо ДССУнун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус  “ооруп калгандар, илдеттен көз жумгандар көбөйөт деп күтүлүп жатканын” эскерткен.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда пандемия 2,6 миллион кишинин өмүрүн алды. Инфекцияны 118 миллион киши жугузуп алды. Бирок бул сандар иш жүзүндө алда канча жогору экени айтылып жүрөт.