Кечээ, 11-март күнү Кара-Суу шаарында башканын өмүрүн кыюуга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 17:30 чамасында Кара-Суу РИИБге Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарында белгисиз адам миздүү нерседен жаракат алып, Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгондугу жөнүндө кабар келип түшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, тергөө амалдары башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум 45 жаштагы Х.Т. экендиги, аны белгисиз адам миздүү нерсе менен мойнунун сол тарабына сайып, качып кеткендиги такталган. Анын жансыз денесине, окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кара- Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип кошуна мамлекеттин 47 жаштагы С.Ш. аттуу жараны кармалды. Ал аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум киши да кошуна мамлекеттен көчүп келип, 5 жыл мурда Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.