«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенген кылмыш тобунун ишмердүүлүгү токтотулду, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеде белгилегендей, өткөн жылдын декабрь айынан баштап, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мал уурулуктун учурлары көбөйүп кеткен. Мал жандыктар негизинен түнкү мезгилде, жакшы жабдылбаган мал сарайлардан жана кашарлардан уурдалып кетчү.
«Мал ууру» иш чарасынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан «Субару-Форестер» автоунаасы менен мал ташып бара жаткан эки адам токтотулат. Текшерүү учурунда, алардын жанында малдарды ташуу үчүн тийиштүү уруксат кагаздары жок болуп чыгат. Андан аркы териштирүү иштеринин натыйжасында, алар ташып бара жаткан эки баш кой Саруу айылынан уурдалгандыгы аныкталат.
Уурулук үчүн шектелип кармалышкан жарандар, ошол эле айылдын тургундары 23 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы К.М. болуп чыгышып, алгачкы жүргүзүлгөн суракта мал уурдагы боюнча күнөлөрүн моюндарына алышат. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары кармалышкандар, өздөрүнүн эле айылдаштарынан 5 мал ууруклук учурларын жасашып, 21 баш койду уурдашканы аныкталды. Жалпы келтирилген материалдык чыгым болжол менен 200 миӊ сомду түздү.
Учурда, Жети-Өгүз РИИБнин КЖБРне мурда катталган 5 мал уурулук учуру боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Милициянын тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү катары кармалышкандардын башка ушул өӊдүү кылмыштарга тиешестиги бар, же жоктугу текшерилүүдө.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы