Колумбияда ESPN телеканалынын түз эфиринде алып баруучу Карлос Ордустун үстүнө чоң экран кулап түштү. Окуянын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Тасмада байкалгандай журналист экранга артын салып отурган. Артынан сокку болгондо  теле алып баруучу столду бети менен сүзөт.

Кырсыктын кесепетинен алып баруучу оор жаракат алган эмес. Көрүүчүлөрдү тынчтандыруу үчүн Карлос Ордус кийинчерээк абалы жакшы экенин айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасады.

«Окуядан кийин жазгандарга жана колдогондордун баарына, менде баары жакшы экендигин айтышым керек. Кудайга шүгүр, медициналык кароодон өткөндөн кийин дарыгерлер олуттуу эч нерсе тапкан жок. Мурундун көгөргөн жери эле болбосо эч кандай жаракасы жок. Тынчсыздангандардын бардыгына рахмат », — деп жазган.