2021-жылдын 13-15-мартында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, 14-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 14-16-мартта абанын температурасы төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, 15-17-мартта Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.