Бишкек—Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 11-март күнү, Токтогул районунун аймагында болуп, Тоyota Windom жана Toyota Previa үлгүсүндөгү унаалардын кагышканы айтылат.
Кырсыктын кесепетинен 73 жана 33 жаштагы эки эркек киши каза болгон. Мындан башка дагы беш адам (үч эркек, эки аял) ар кандай жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Каргаша болгон жерге барган ӨКМдин куткаруучулары көз жумгандардын сөөгүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.