Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандар жаңы жетекчинин келишине нааразы болуп ооздорун тигип алышты деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан айтышты.

Маалым болгондой, эртең менен ЖМКлар №1 тергөө абагында отурган үч киши Марс Жусупбековдун түрмөнүн башчылыгына кайра келишине нааразы болуп ооздорун тигип алганын жазышкан.

Бирок ЖАМК оозун ага чыккан соттук чечимге макул болбогон бир гана киши тиккенин билдирди.

«Үч эмес, бир кишинин оозун тиккенин айтышты. Ал №1 тергөө абагында жетекчисине эмес, өзүнө чыккан соттун чечимине нааразы болуптур. Ага узак мөөнөт берилген эмес. Азыр тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Эске салсак, Марс Жусупбеков Бишкектин №1 тергөө абагынын жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштаган. Ал 2013-жылы абакты жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге жол берген деп кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу»), 305-беренеси («Кызмат абалынан аша чабуу») менен айыпталган.

Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы төрт жылга жатак абакка кескен. Анын жактоочулары 2019-жылы июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Материалдар кайра кароого жиберилген.  Октябрь райондук соту кылмыштын курамы жок деген негизде Жусупбековду актап, ал кызматына кайтып келген.