«Мегаком» деген уюлдук байланыш тармагы менен белгилүү болгон «Альфа Телеком» аттуу жападан жалгыз мамлекеттик уюлдук байланыш тармагын бир топ убакыттан бери Акылбек Жамангулов деген мыкты менеджер жигит жетектеп келет. Мухаммедкалый Абылгазиев ɵкмɵт башчы болуп турганда мамлекеттин каражаты менен жеке менчик уюлдук байланыш түзүүнү эңсеген топтун арам тилегин ташкаптырып, «бажалардын» кытмыр оюн ачыкка чыгарган так ушул Жамангулов болгон.

Учурда алы жеткени деле, алы жетпегени деле түшүнүп-түшүнбɵй ар тараптан Жамангуловду ур-тепкиге алып жаткан кɵрүнүштɵр да боло калып жатат. Негизинен мамлекеттик «Мегаком» уюлдук байланыш тармагын жеке менчик уюлдук байланыш каражаттары менен тең ата деңгээлге чыгарууда Акылбек мырза кɵп эмгек жумшады. Азыр да жигердүү иштеп атат. Сыртынан сын айтыш оңой, бирок, мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясын менчик компаниялар менен атаандаштыкта иштетүү ɵтɵ кыйын иш. Биз муну түшүнɵ билүү менен колдоого алып, «Мегаком» компаниясына кол кабыш кылышыбыз керек!

Булак: «Де-Факто» гезити.