Премьер-министр Улукбек Марипов Facebook социалдык тармактагы баракчасына жакынкы күндөрдөгү пландары менен бөлүштү:
«Жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барам.
Сапардын жүрүшүндө бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушам.
Мындан тышкары, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышам» — деген билдирүү калтырган Марипов.