Бишкекте 18 жаштагы жигит курулушу жүрүп жаткан үйдүн 9-кабатынан кулат түштү. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 1-мартта «102» кызматына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Анын баш мээси чайкалганы, биринчи жана экинчи даражада эки буту, ошондой эле далысы сынганы айтылат.

Ооруканага милициянын ыкчам тергөө тобу жиберилген. Анда Ж.Э. 1-мартта Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан кулап түшкөнү аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бийиктиктен кулап түшкөн жигит орто оор абалда дарылануусун улантууда.