Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган «Ала-Тоолук Үмүт» видеосынагы жыйынтыкталды.  Бул тууралуу журналист Султанбек Аманбеков билдирди.

Жалпысынан сынакка катышуу ниетин билдирген 17 жаштан 35 жашка чейинки 65 катышуучудан билдирүү келип түшкөн. Видеороликтерди кабыл алуу аяктаган 25-февраль күнү сынакка40 видео келип түшкөн.

Иргеп алуу комиссиясынын чечими менен 20 ролик тандалып алынып, Ютуб, Фейсбук желелерине жүктөлүп, элдин сынына коюлган.

Биринчи этаптагы иргеп алуу кмиссиянын курамы:

КР Эл артисти, кинорежиссер Молдосейит Мамбетакунов

КР Эл артисти Назира Мамбетова

КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Т. Океев атындагы кыргызфильмдин башкы редактору, кинорежиссер Темир Бирназаров

ЖКнын мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева

Кинорежиссер Айбек Дайырбеков болгон.

Иргеп алуу комиссиянын иши түз эфирде көрсөтүлдү.

12-мартта видеосынактын жыйынтыгы чыгарылды. Иргеп алуу комиссиясынын, уюштуруучулардын чечими менен баш байге автоунаага татыктуу ролик жок деген чечим чыккан.

1-орунду Алыбаев Канат жана Камиль уулу Куштарбек

2-орун Бугучиев Тынчтык

3-орун Асанакунов Канат алды.

Биринчи орунду алган катышуучулар ар бирине 1000$дан, «Новостайл» курулуш компаниясынан 100 миң сомдук сертификат «Кыргыздын мыкты жигити» төш белгиси менен сыйланды.

Экинчи орунга 500$ жана ЕРЕМ спорт клубунан 3 айга сертификат алды.

Үчүнчү орунга 30 миң сом акча, «Новастайл» курулуш компаниясынан 100 миң сомдук сертификат берилди.

Калган 16 катышуучуга ар бирине 20 000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Андан сырткары 20 катышуучунун баарына «Салих» компаниясынын азыктары берилди.

Долбоорго Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев колдоо көрсөттү.