Жашоону достор менен баарлашуусуз жана жакын адамдар, кесиптештер менен сүйлөшүүсүз элестете албайсыңбы? MegaCom’дон «Интернет» жана «Чалуулар» жаңы тарифтик пландарын кошуп алып, ар дайым байланышта бол.

Смартфонду дайыма байланышта болуу үчүн колдонгуң келеби? Анда «Интернет Регион», «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз» жана «Бардыгы Чектөөсүз» топтомдору менен болгон төрт жумалык «Интернет» тарифтик планын кошуп алып, социалдык тармактарда жана месенжерлер аркылуу баарлашуу үчүн ири көлөмдөгү интернет-трафикти колдон.

«Интернет» тарифтик планынын түркүмүндөгү топтомдор үчүн төмөнкү шарттар бар:

Түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары чалууларды көп аткарып же экинчи SIM-картаны колдонуудан баш тарткың келип жүрөбү? Анда «Чалуулар Эконом», «Чалуулар Стандарт» жана «Чалуулар Max» топтомдору менен болгон «Чалуулар» төрт жумалык жаңы тарифтик планын кошуп алып, түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары да эң пайдалуу баада баарлаш.

«Чалуулар» тарифтик планындагы топтомдор түркүмү үчүн төмөнкү шарттар бекитилген:

Ошондой эле студенттер жана мектеп окуучулары кошуп алуулары үчүн «Билим» социалдык тарифтик топтому да жеткиликтүү. 285 эле сомго абонент 4 жумага 20 ГБ Интернет, WhatsApp, Telegram, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil жана КРнын ЖОЖдорунун билим берүү багытындагы сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, түйүн ичинде чектөөсүз баарлашып, 500 SMS жибере алат.

«Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик пландарын кошуп алуу боюнча толугураак маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан алса болот.