Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты.

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Технопарктын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты инновациялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бул багытта натыйжалуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иш алпарууга көмөктөшүү болуп санлат.

Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар Мамлекет башчыларына гидроэнергетика, гоелогиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди.

Президент Садыр Жапаров «Яшнабад» технопаркынын ишинин маанисине токтолуп, анын мындан ары кеңейип, өнүгө беришин каалады.