Бүгүн, 12-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК жыйындар залында Мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин арасында кызматтык жана аскердик тартипти чыңдоо маселелери боюнча офицерлердин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул жыйынга КР УКМКнын жетекчилиги, борбордук аппаратынын башкармалыгынын жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жыйналыштын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйналышта эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары УКМКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ведомстволук актылардын жана коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык стандарттардын талаптарын системалуу түрдө изилдөө жана сактоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди.