«Мекенчил» партиясынын активдүү мүчөсү, Президент Садыр Жапаровду көп жылдардан бери колдоп жүргөн, жарандык активист Талантбек Мамытов (Алиевич) Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикир калтырган (текстти өзгөртүүсүз беребиз):

«Убагында кыйналып жүргөндө катуу нанды чогуу жеп жүргөн агаларым бар эле, экөө үчөөсү чоң кызматка барышкандан кийин эле карабай коюшту. Адам ушунчалык тез өзгөрөт экенда аябай таң калдым. Ой силерсиз дагы күнүбүз өтүп жүргөн жана өтө берет, көзүңөрдү май басып асманда учуп жүрөсүңөр. Ойлоп жатсаңар керек кошомат кылып келет деп, жоок мен башкаларга окшоп эч качан кошомат кылып пахта коюп тынчынарды албаймын. Болгону бул жалган жашоодо, канчалык көп акча табып байысанар, ошончолук көп күнөө иштерге азгырыласынар ошону гана эскертип койгум келди.

Урматтуу Президент сиз ишеним артып жүргөн адамдар аябай өзгөрүптүр, аларды дагы коррупционерлер тороп акчасынын күчү менен азгырып алышты. Сизге баары жакшы, баары сонун деп туура эмес маалыматты жеткиришип, бирок сиз ишенген адамдар ошол коррупциялык системанын ичинде аралашып жүрүшөт. Чындыкты жеткирсен жалган кабыл алышып, жалган айткан кошоматчы, пахтачыларды угуп баягы эле эски система иштеп жатат» – деп жазган Талантбек Мамытов.