Россия Кыргызстанда бир катар жалпы билим берүү мекемелерин курууну карап жатат. Бул тууралуу РФтин Агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушкого таянып Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-мартта, Ошко Глушко баштаган РФ делегациясы келди.

Делегация шаардагы билим берүү мекемелеринин курулушуна бөлүнгөн жерлер менен таанышып, орус тили мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү.

«Эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында Россиянын билим берүү программаларына ылайык мектеп куруу үчүн жер тилкелерин караштыруу иштери жүрүп жатат. Сунушталган жерлерди көрдүк, Ош шаарынын администрациясы буга жакшы көңүл буруп жаткандыгын байкадым», — деген Глушко.

Мэрия кошумчалагандай, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелерин куруу маселеси кийинки жумада эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин жолугушуусунда кенен талкууланат.