2021-жылдын 6-мартында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын тургуну 58-жаштагы Т.А арыз менен кайрылып, арызында 2021-жылдын 5-мартында өзүнө таандык болгон 1 (бир) баш сары кашка 6 (алты) жашар бээсин Кара-Кочкор айыл аймагынын кире бериш жеринин батыш тарабында орун алган жайыт талаадан уурдатып жибергендигин билдирген.

Аталган атуулдун арызы 2021-жылдын 6-мартында Кара-Кулжа РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуяга түздөн-түз тиешеси бар болгон мурда бир нече жолу мал уурулук фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа айылынын тургуну 30-жаштагы Ж у. Э аттуу атуул кармалып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

Шектүү Ж у. Э ни кошумча сурак кылган учурда, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылынан 1 (бир) баш түсү жерде жылкы уурдагандыгы маалым болгон. Аталган экинчи факты боюнча Кара-Кулжа РИИБдин КЖБРне катталып, жогорудагы окуяларды өзү жалгыз эмес, өзүнүн шериктеши Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 27 жаштагы Т к.А (аял киши) аттуу жаран кошо бирге аталган окуяны жасагандыгы ачыкка чыккан. Ал эми, азыркы учурда, жогоруда аты аталган Т к.А нын Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө, мал уурулук фактысы боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы