Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Камила Талиева  Facebook социалдык тармактагы баракчасына жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, талапкерлер тууралуу төмөнкүдөй пикирин калтырган:
«Бүгүнкү күнү, Бишкек шаардык кенешке депутаттыкка жулкунгандар баягы эле, баягылар… атадан балага, туугандан тууганга өткөн мурастай эле ээлеп алган жүздөр келаткандай… баары эле өз бизнестерин коргоо үчүн, таасирлерин бекемдөө үчүн эле жулкунушканын иш жүзүндө көрсөтүштү го, бир канча жылдан бери “эл депутаты” болуп отурушуп…
Шаарыбыздын келечеги үчүн, шаардын өнүгүшү үчүн эмгек кыла турган партия барбы, өзү? Шайлоого катышуудан мурда, ушул жолу мүмкүнчүлүгүбүздү толук колдонуп, ар бир партиянын чыныгы жүзүн, тизмесин так иликтеп, анан добуш берели… ансыз, шаар чаңга буланып, чөгүп баратат. Шаарыбызды сактап калбасак, абал жакшы болбой калат…!» — деп жазган Камила Талиева.