Молдо Нияз

Кыргыз ырчылар поэзиясынын ичинен мейли пенделик, мейли чыгармачылык жагынан болсун өзгөчө тагдырга ээ адам деп Молдо Ниязды айтсак эч жаңылышпаган болор элек. Эгерде башка төкмөлөрүбүз, жазгыч акындарыбыз жөнүндө ошол өткөн жетимиш жылдык тоталитардык режимдин мезгилинде дале маал-маалы менен ар кандай деңгээлде (изилдөө иретинде иликтөөлөрдө, каралама сындарда, партиялык өкүмчүл документтерде) сөз боло калып келсе, кат-сабаты мыктылап жоюлган, өз ырларын өзү аздектеп кагазга түшүрүп, ал турсун мезгил сыноосуна туруштук бере ала тургандай кайдаасын келтире мукабалап колкитеп кылып эл арасына таратып жүргөн  Молдо Нияз жөнүндө даңазалуу окумуштуубуз Болот Муратаалы уулу Юнусалиевдин көзгө сүртүм бир макаласынан бөлөк ныпым кеп болбоптур. «Алтынды дарт баспайт» дегендей мына эми карт тарых өз мыйзамына ылайык ар кимди өз ордуна коюуда.

Соңку он чакты жылдын (1986–1994) ичинде Молдо Нияздын өмүр таржымалы менен чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү жөнүндө бир катар макалалар, маалыматтар жарыяланды. Ал эми 1993-жылы кеч күздө атпай журтубуз атактуу ырчынын туулган күнүнүн 170 жылдык мааракесин жалпы элдик  чоң маданий, адабий салтанат катары белгилешти.

«Чү» дегенде эле белгилей кетчү нерсе – Молдо Нияз жөнүндө сөз салуучу ар бир иликтөөчү жан дили өтө пакиза, илимпоздук абийир-ары ашкере тунук адабиятчы Омор Соороновдун айтып бүткүс адал эмгеги тууралуу өзгөчө урмат-ызаат менен эскере кетүүсү абзел. Мындан жүз жылдан ашуун мурда араб менен жазылып Молдо Нияздын мурасын бүгүнкү биз пайдаланып жүргөн кириллицага көчүрүп, бир системага салып, анан калса өзү да бул көркөм дүйнө жөнүндө оригинал ой-пикирлерин айтып (арийне, алардын «дурусу» да, «бурушу» да бар. Ал жөнүндө көп оролу келгенде айтылат) эл арасына жеткирүүдө Омор Соороновдун эмгеги ат көтөргүс.

Акындын өмүр таржымалы жөнүндө О.Сооронов момундай маалыматтарды кабарлайт: «Молло Нияз Б.М.Юнусалиевдин жазганы боюнча Шаймардандин боюнда туулуп, 70 жыл өмү сүргөн. Анын окурмандары Болот агайга «1951-жылы акындын көз жумганына 55 жыл болду» деп айтышыптыр. Буга ишенсек Молло Нияз 1896-жылы дүйнөдөн кайтып, ХIХ кылымдын жыйырманчы жылдарында туулган болот. Б.У.Урустанбеков менен Т.К.Чороевдин «Кыргыз тарыхы» деген кыскача энциклопедиялык сөздүгүндө: «Молдо Нияз (1820-1896) – кыргыздын алгачкы акындарынын бири, Кыргызстандын Шаймерден өрөөнүндө туулган. Кашкар шаарындагы медреседен билим алган…» – деп жазылган. Жогорку фактыларга таянып жана кийин жыйналган кабарларга карап Молло Нияз акын Ош областынын азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак деген жерде 1823-жылы туулган десек туура болгудай»[1]. Адабиятчынын мына ушундай кыйла түшүнүктүү иликтөөсүнөн улам айтылган (бүгүнкү күнгө алганда чындыкка бир топ жакын турган) маалыматтарын эсепке алуу менен Молдо Нияздын ырчылар поэзиясындагы адабий-хронологиялык ордун академик Аскар Какеев төмөндөгүчө аныктайт: «Көрсө, Молдо Нияз улуу Калыгулдан (1985 –1855-ж.ж.) кичүү, ал эми атактуу Арстанбектен (1824 –1882-ж.ж.) улуу экен. Демек, хронологиялык принциптен алганда да, чыгармаларынын үндөштүгү жагынан алганда да, илимий, тарыхый мааниси боюнча алганда да Молдокем экөөнүн так ортосундагыөзүнүн мыйзамдуу ордун алышы керек»[2]. Мындай таамай байкоодон улам айтылган жүйөөлүү пикирге кошулбай коюуга болбойт. Ырчылар поэзиясы жөнүндө жаңы принциптен туруп жазылуучу окуу куралдарынын портреттик баптары дал ушул хронологиялык тартипте берилгендиги тарыхый обңективдүүлүккө дал келип турат. (Биз да сунуш кылып жаткан китебибизде ушул тартипти сактадык.)

Молдо Нияз «Арка, Анжиян, атүгүл кытайлык кыргыздарга чейин кыдырып чыккан…» «…Кокон хандыгында кыргыз, арап, фарси, эски түрк (чагатай) тилдерин билип жана ошол тилдерде эркин жаза, философиялык терең ойлорду айта ала турган мүдарис катары белгилүү, өтө кадыр-барктуу инсан[3] болуптур.»

Жогоруда айтылгандай, Молдо Нияз ырларын өзү кагазга түшүрүп, өзү мукабалап эл арасына таратчу экен. Бул тууралуу кыргыз адабиятынын чоң билерманы М.И.Богданова өткөн ХХ кылымдын тээ 40-50-жылдары эле моминтип жазып кетиптир: «…в конце ХIХ века грамотность все же начинает проникать частично и в среду трудящейся бедность. К этому времени относится о появление в ее среде первых одиночек-акынов, которые начинают записывать слагаемые ими песни и распространять их в записанном виде.[4]» Айрым божомолдор боюнча, кээ бир  кат-сабаттуу адамдар ал китептерден көчүрүлгөн үзүндүлөрдү да калк арасына жайып жүрүшүптүр. Дегеле, улуу ырчы өзү мукабалап калтырып кеткен колкитептердин канча экендиги жөнүндө ачакей пикирлер жашап келет. Айталы, Омор Сооронов: «Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөп жана китеп кылып жасаган 7 колкитеби болгон экен» (1.13-бет),- деп маалымдаса, ырчынын жердеши акын Эгемберди Эрматов бул тууралуу момундай деп жазат: «…куйма кулак карыялардын айтымына караганда ал (Молдо Нияз – С.Т.) ондон ашуун ыр китеп жазган экен». (2.) Иши кылып ушундай «экендер» бир топ. Демек, улуу ырчы канча колкитеп калтыргандыгы жөнүндө так кесе айтуу өтө кыйын нерсе. Ал эми бизге болсо Молдо Нияз бабыз калтырган колкитептердин үчөө келип жетти. Ал колкитептердин экөөнү таап келип кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусуна өткөргөн адам залкар окумуштуу Болот Муратаалы уулу  Юнусалиев болгон. Академик Б.М.Юнусалиев улуу ырчынын биринчи табылган колкитеби жөнүндө моминтип жазат: «Биз Молдо Нияздын санаты» деп атап жүрчү кол жазма жөнүндө алгачкы кабарды 1951-жылы октябрь айында Охна кыштагында жашоочу 63 жаштагы Баит Исманалиев деген колхозчудан уктук. Кол жазма жана анын автору жөнүндө бул кишинин айткандарын кийин Шаймардан өрөөнүндөгү башка кыштактын бир топ адамдары да ырасташты.

…Абышкалар, бул дептерди Молдо Нияз өз колу менен жазган деп бир ооздон айтышса да, кээде колго өткөн көчүрмөсү болушу мүмкүн деп да божомолдошот.

…Мен бул дептерди издеп көрдүм, бирок тиянак чыкпады. Болгону жол болуп 1957-жылы Азиза Токтобаеванын жардамы менен ал дептерлердин бири колубузга тийди…

Мына 18х10см. форматындагы саргыч калың кагаздуу дептер алдыбызда жатат. Келиштире жасалган булгаары тыш мезгил өкүмүнө моюн сунбаптыр. Ошентсе да четтери кетилип, үбөлөнгөн. Кол жазма Орто Азияда кеңири тараган жазма ыгына салынып, мезгилдин өтүшү менен өңү өчө баштаган кара сыя менен жазылыптыр. Отуз төрт беттен турат. Ар бир жаңы беттин башында мурдагы беттен сөздү кайра жазуу аркылуу жүргүзгөн автордун беттештирүү тартибине негизденип, биз 62-беттен кийин бир же бир нече барак айрылганын аныктай алдык.

Санат жети-сегиз саптуу ырлар менен бет толо жазылган, башкача айтканда ар бир бетте 2-3төн ыр жайгашкан. Ошентип, биздин колубузга тийген 68 беттүү кол жазмада 2000ден ашык ыр сабы бар экен. Акыркы 68-бети, болжолу, коюураак сыя  менен башка кол жазган окшойт. Дептердин эч бир жеринде автордун, болбосо көчүрүп жазган адамдын ысымы жолукпайт» (3. 78-79-беттер). Ал эми улуу окумуштуу таап келген экинчи колкитеп жана кийин 1988-жылы табылган үчүнчү колкитеп жөнүндө О.Сооронов буларды жазат: «Экинчи колкитеп. Ош областынын Кадамжай районуна карашту Кызыл-Булак айылында жашоочу Эрмек Молдодон 1962-жылы май айында Сыдыкбаев Камбарбек алган. 1962-жылдары К.Сыдыкбаев мугалим болуп иштеген. Калем менен жазылган адреси: Ысык-Көл району, Таштак айылы, ХХ11 партсүезд колхозу деп көрсөтүлгөн. Бул колкитепти да академик Б.М.Юнусалиев Кол жазмалар фондусуна тапшырган.

Экинчи китептин (форматы 17,5х10,5см) ар бир бетинде 10-11 жолдон ыр сабы бар. Ак барактарга тамгаларды ойноктотуп, кооздоп түшүрүү ыкмасы менен жазылган. Колкитеп 116 беттен туруп, айрым жерлеринде 1-колкитептеги санаттар кайталанган учурлар бар. Колкитептин башынан жана аягынан барактар жок.

Үчүнчү китепти (форматы 13х19 см) 1988-жылы октябрң айында Тил, адабият институтунун ошондогу директору…Абдыганы Эркебаев Алай районунун Жайылма кыштагында жашоочу Азимов Аманилладан алып келген. Колкитеп Аманилланин колунда экендиги жөнүндөгү алгачкы кабарды Дүйшөмбү шаарынын тургуну, бир боордошубуз Тайтөрө Батыркулов болгон. Китептин ар бир бетинде эки катардан (эки столбик) кылып, поэтикалык арап жазмаларына традициялуу ыкма менен б.а. биринчи катардагы биринчи сапты окуп, анан экинчи саптагыны, анан кайра биринчи саптагыны (ошентип кете берет) окуй турган кылып, кара сыя менен жазылган, 75беттен турат. Арап жазмасына традициялуу болгон барактын эң аягындагы сөздү эки жолу кайталап, анан кийинки беттин башына кайра жазуу да, атайын коюлган беттери да болгондуктан барактар аралашып кетип, санаттарды тактоо өтө кыйынга турду, мында дагы барактардын жоголгону даана көрүнүп турат»(1.11, 161-беттер).

Булардан сырткары адабиятчылар С.Закиров, П.Ирисов, Ж.Мусаевалар 1974-жылы Ноокат менен Фрунзе (азыркы Кадамжай) райондорунан жыйнашкан материалдарынын ичинде да Моло Нияздын санаттарынан үзүндүлөр бар. Ошондой эле Молдо Нияздын чыгармачылыгынын зор күйөрманы, жогоруда эскертилип кеткен дүйшөмбүлүк боордошубуз Тайтөрө Батыркулов да улуу ырчынын урпактарынын айтуусундагы  санаттарынан, айрым бир куйкумдуу ырларынан үзүндүлөрдү жарыялады.

Жыйынтыктап айтканда, Молдо Нияздын көркөм мурасынын бүгүнкү колдо болгондорунун абалы ушундай.

Ал эми улуу ырчынын башка колкитептеринин тагдыры жөнүндө жогоруда айтып өткөн акын Эгемберди Эрматов буларды кабарлайт: «Азырынча үмүт үзбөй туралы, балким калгандары да элдин ичинен табылып калышы ыктымал. Балким ал китептер ушул чөлкөмдөгү эле элдин ичинде, же чаң басып чоң-чоң шаарлардын архивинде, Ооганстан, Кашкар сыяктуу чет жерлерде кимдир бирөөлөр тарабынан  таберик катарында сакталып жүргөндүр, ким билет.

Жакында Кажамжай районуна барып Молдо Нияз жөнүндө иликтеп жүрүп охналык Жолборс аксакалга жолугуп калдым. Анын айтуусу боюнча Молдо Нияз өз колу менен анын атасына бир санат китебин белек кылып берген экен. Ошондо Молдо Нияз: «сенин илимге кызыгып жүргөнүңдү билем. Мына бул ыр китебими, бир аттын кунуна берген эмес элем. Сага тартуу кылдым. Жоготпой окуп жүр!»- дептир. Ошол учурда бир аттын куну жети дилде турчу экен.

-Мен анда жаш элем. Атам Молдо Нияздын ырлары деп окуп калчу. Бир жолу ноокаттык Акун Молдо деген досу  келип: «Окуп берейин»,-деп сурап алып кетти. Кийин ал китепти бербей койду. Бул болжол менен 1924-жыл эле. Кийинчерээк атамдын көзү өтүп кетти. Акын Молдону издеп сурамжылап барбадым. Ал киши кайсы айылдан экендигин да сурап калбаппыз. Китептин тагдыры эмне болду, балдарына калтырдыбы же дагы бирөөлөргө берип жиберип изин сууттубу, ачыгын айталбайм»- деди Жолборс аксакал.

Акындын бир китебинин тагдыры мына ушундай.

Дагы бир китебинин таржымалын сураштырып Тамаша айылына бардым. Тамашалык Момбаев Пакыридиндин айтуусу  боюнча Абдирайм деген молдодо Молдо Нияздын китеби болчу экен. Бир жолу Пакыридин аксакал Чоң-Алайда жүрүп колун кесип алат. Каны токтобойт. Ошондо бирге жүргөн шериктеши Ысаков муса аны Кызыл-Булакка карай атка мингизип алып жөнөйт. Жол алыс. Жол катары ал Пакыридинге Молдо Нияздын ырларын ырдап келет.

-Бул ырларды кимден үйрөндүң?- деп сураса, ал:

-Абдирайм молдодон үйрөнгөнмүн,-дейт. –Ал кишиде Молдо Нияздын китеби бар эле. Кечинде анын үйүнө чогулуп алып түн ичи ыр окутуп чыкчубуз. Ошондо чоң атабыздын ырлары көкүрөккө жат болуп калган экен,-деп айтыптыр.

Кийин китеп кимдин колунда калды, ал, белгисиз.

Молдо Нияздын үчүнчү бир китебинин дарегин тамашалык 63 жаштагы Кожобай уулу молдо Абдысадык аксакалдан уктум. Ал кишинин айтуусу боюнча, тайкеси Маматаалиде Молдо Нияздын бир санат китеби бао болуучу экен.

-Китептин көлөмү бир топ чоң эле. Маматаали тайкем кечинде үйүнө топтолгон элге ошол китепти окуп берчү. Мен да арапча окуй баштаганда ошол китептен окуп жүрдүм. Ал китеп эски түрк тилинде жазылган эле. Кол жазмадан көп эле адам окуй албайт. Мага тайкем көп жардам берип үйрөткөн. Кичинемде Молдо Нияздын көптөгөн санат ырларын билчү элем. Азыр эстесем Молдо Нияз көргөнүн көргөндөй бетке таамай айткан, эч кимден коркпогон, бай- манаптардын тескери кыял-жоруктарын ашкерлеп жазган акын болгон экен. Адамды ыймандын жолуна, абийирдүүлүккө, ынтымак-ырашкерликке, көп нерсени билүүгө чакырган анын көптөгөн санаттары бар эле –дейт Абдысадык аксакал.

Ким билет, жогорудагыдай аксакалдардын айткан кептери бир эле китептин көчүрмөсүбү же башка китептерби? Же мурда  табылып тил, адабият институтунун кол жазмалар казнасында сакталып турган китептерби? Бул маселелер да келечекте тактоого муктаж».(2.)

Ал эми Молдо Нияздын колкитептери азырга чейин эл ичинде болушу керектиги жөнүндөгү бул сөздү О.Сооронов момундайча улантат: «Каңшаарга караганда бирөө (мүмкүн экөөдүр) Кытайдагы кыргыздарда имиш. Калгандары Түндүк кыргыздарында же өзбекстандык кыргыздарда болушу мүмкүн. Бирөө сөзсүз Мургактык, Жерге-Талдык, Каратегиндик б.а. Тажикстандык кыргыздарда болушу керек»,- дейт да бул «сөзсүздү» А.Токомбаева түзүп, 1987-жылы «Илим» басмасынан жарык көргөн «Жерге-Талдык кыргыздардын эл оозеки чыгармалары» деген жыйнакка элдик туундулар катары жарыяланган Молдо Нияздын санаттарынан берилген үзүндүлөрдү мисалга тартуу менен далилдейт. Иши кылып бул багытта да аткарчу жумуштар көп.

Ал эми ырасында эле колкитептери көп болгондугун улуу бабабыз Молдо Нияз өзү да минтип ырга кошуп кетиптир:

Сөз маанисин билгендер

Сөздүн пири булбулдай.

Сөз маанисин билбесе

Согум чалыш дүмбүлдөй.

Ыр маанисин билгендер

Ашык балант дилгирдей.

Эркин эрмек кылсын деп

Көңүлгө келген гаптарди

Көп кылып койдум дафтарди.(52-бет)

Залкар окумуштуу Болот Муратаалы уулу Юнусалиев ошол элүүнчү, алтымышынчы жылдары Молдо Нияздын эки китебин таап Академиянын Кол жазмалар фондусуна өткөрүп берүү менен бирге бул көөнөрбөс мурастын улуулугун айкын сезип «Отражение диалектных особенностей в санатах Молдо Нияза» деген макаласын атайын ошол колкитептердеги чыгармаларга арноо менен анда академик Б.М.Юнусалиев момундай деген өтө олуттуу жыйынтык пикирин жалпы элдин алдына коюптур: «…анын (Молдо Нияздын – С.А.) эмгектери эл өкүлүнүн өзү күбө болгон тарыхый жана саясий окуялар жөнүндө айткандары адабиятчылардын гана эмес, тарыхчылардын да көңүлүн өзүнө бурууга тийиш» Лингвистикалык илим үчүн аталган кол жазманын кыргыз элинин ХIХ кылымдын ортосундагы жазма эстелиги жөнүндө жана анын дээрлик бир жарым кылым мурдагы тилинин абалы тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү бирден бир баа жеткис документ катары мааниси зор[5] .Ал эми бул санаттардын адабий туунду катары баа-салмагын, көркөм чыгарма катары эстетикалык кунарын, дегеле Молдо Нияздын сүрөткерлик орошон талантынын улуулугун ар тараптан ачып берүүчү мезгил кечигип болсо да эми келип жетти. Ошондой эле улуу ырчынын өмүрү жана чыгармачылыгы орто мектептер менен жогорку окуу жайларынын окуу Программаларынан да өзүнүн мыйзамдуу ордун табуусу бизди кубантпай койбойт.

Молдо Нияздын санаттарын окуп олтурган адам ырчынын тунук акылга, тубаса шык-жөндөмгө эгедер залкар талант болгондугун ачык сезет. Анын көркөм мурасынын ичинде негизги орунду санат ырлары ээлеп турса да ырчы бардык эле төкмөлөр сыяктуу башка жанрларда да өзгөчө таланттуу чыгармаларды жаратыптыр. Айталы, көптөгөн санаттар менен бир мукабада берилген 1-колкитептеги «1 санат дигар» (Башка санат) Алымкул аталык жөнүндө баян этип келип анан Кокон хандыгынын бул башкы увазиринин кайратын, аскербашылык талантын айтуу менен бирге кыргыз элинин турмушундагы зор тарыхый окуяны көрсөтөт да, ушуга улай Кашкардын беги Якуб-бектин арампөш иштерин каргышка алат. Ал эми ушул эле биринчи колкитептин соңунан орун алган «1 санат хасират» (Арман санат) нукура автобиографиялык мүнөзгө ээ болуп турган өмүр баяндык чыгарма болсо, 3-колкитептеги «Кымчабел» ашыктык лирикасынын үлгүсүндө жаралган да, «Даткайым» кандайдыр бир деңгээлде ода жанрына ык коюп турат. Ушул эле колкитептеги «Атыккан ажы — Афанди» жөнүндөгү муңдуу баян толугу менен оозеки чыгармачылыктагы кошок жанрынын алкагында алкагында жаралган. 1974-жылкы фолңклордук экспедициянын учурунда табылып, Молдо Нияздын бирөөгө жазып берген каты катары белгилүү болгон чыгармасы да толугу менен кошок жанрында жазылган. Мына ошентип, улуу ырчынын көркөм мурасы түрдүү темада, көп түстүү, катмар проблемалуу, өзүнчө бир чалкып жаткан көркөм дүйнө.

Молдо Нияздын биринчи жана экинчи табылган колкитептерин ачканда эле өлүмдүн суук ырайы жөнүндөгү жүрөк-жүлүнгө жетээрлик деңгээлде айтылган ойлорго күбө болобуз.

Жан эгем койгон муаккил

Жалынсаң койбойт буякка.

Жан коердон айрылып,

Жайланасың шуякка.

Баары калып, кайтмак жок,

Байланасың шуякка.

Байыркы сөздөн айтмак жок,

Базарга мал сатмак жок.

Мындагыдай мүлкүң жок,

Рахат, уйку, күлкүң жок.

Атка минип желмек жок,

Үйүңө кайтып келмек жок.

Харкандай сөз демек жок,

Ичип, кийип, жемек жок.

Куанып тон киймек жок, хатун, бала сүймөк жок.

Кадырлуу азиз бу башың

Кара жерге коюлар,

Эти-териң союлар,

Эки көзүң оюлар,

Кара чачың төгүлөр, жүүндөрүң сөгүлөр,

Турпак толор көзүңө

Турфа күн түшөр өзүңө.

Карындаш келбес кашыңа,

Катык күн түшөр башыңа.

Жан эгем койгон хасыл жан

Бир күн (дөрү) кас кылар,

Эгиз боюң пас кылар.

Желкеңнен башың үзүлүп,

Жер тагинда таш кылар.

Жаның тынса, үзүлсө

Жаккан лтуң бир өчөр,

Жайланбай жаның кыйналса. (25-26-беттер)

Баарынан да Молдо Нияз тарткан тиги дүйнө жөнүндөгү бул сүрөт – ооба, сүрөт! – дүйнөлүк адбияттын улуу устаттарынын (данте, Достоевский, Акутагава ж.б.) тиги дүйнө жөнүндөгү баяндарынан кем калышпайт. Бул саптарды окуган ар бир адам тирүүлүктүн улуулугун, бир жолу берилген өмүрдүн канчалык ыйык экендигин туйбай койбойт. Келтирилген үзүндүнүн көөнөрбөс баалуу жагы дал мына ушунда.

Албетте, келтирилген мисалдан улам Молдо Нияз таптакыр эле пессимисттик маанайдагы чыгармаларды жаратып, караңгы тиги дүйнөнүн ырчысы болгон экен дегендей тыянак чыгарылбаш керек. О дүйнө жөнүндө айтуу менен улуу төкмө тирүүлүктүн баркына жете билүүгө үндөп жатканын унутпасак. Ошол эле учурда Молдо Нияз бу дүйнөнүн бүткүл лаззатын ачып берген, жашоонун ыракатын баардык ажайып кооздугу менен көрсөтө алган да сүрөткер болгон. Мындай санаттарында ал жылдын төрт мезгилнин ар бирине мүнөздүү сулуулугун, ал сулуулуктун адам жан дүйнөсүнө тийгизген таасирин, көңүл-маанайына кошкон кубанычын чыпчыргасын коротпой айтуу менен «жери жатык, көк шивер түздөн» тартып «асманда жүрсө жарытып айдан жакшы бар бекенин» кошо айтып ырдайт. Ал турсун:

Суусап жүрүп бир жутса,

Сууктугу музча бар

Сувдан жакшы бар бекен? – деп (47-бет)

тирүүлүктүн ыракатын кандайдыр бир ары жөнөкөй, ары терең символикалык туюнтмалар менен кошо ырдап, жашоонун, адам өмүрүнүн бу дүйнөдөгү маани-маңызын ансайын бийиктетип берүүгө жетишип олтурат. Дал ушундай санаттарында Молдо Нияз дүйнөнү ар тараптуу аңдап биле алган, ошол өзгөчө зирек ой жоруму менен туюнган нерсесин бийик көркөмдүк деңгээлде айтып берүүгө жетише алган чоң философ акын катары көрүнөт. Ал эми бул болсо оңой бийиктик эмес экендиги баарыга маалым.

Молдо Нияздын санаттарына бир эле көз жүгүртүп чыккан адам ырчынын кыргыз жеринин кыйырын бүт кыдырып чыккан, ал гана эмес бүгүнкү түшүнүк менен айтканда коңшулаш элдердин ата конуштарынан бери жетик билген адам болгондугун ачык көрөт. Молдо Нияздын мындай жер кыдыруусу жөн гана көңүл ачып саякат жасоо эмес көргөнүн көкүрөккө бек тутуп, анан ошол туз таткан жерлердин р биринин өзгөчө сапат-белгилерин дилде сактап, натыйжада баарысын шурудай тизип санатка салуу болгон. Айталы, акын минтип ырдаган:

Жылкынын кани казакта

Шалынын кани Сузакта.

Өлүп кетсе бейкүман

Капырдын жайы дозокто.

Өрдөктөй мойнун созгондо

Өзбеги көп Өзгөндө.

Кар кетип бахар жаз болот.

Карга, кузгун тозгондо.

Баатырдын баары майданда,

Тыт майиз, кани Шайданда.

Илимнин кани Гиссарда.

Кандек өрүк Хушарда

Күрүчтүн кани Анжиян,

Майиздин кани Маргалаң

Арчанын кани тоолордо,

Ылаачын ойнойт зоолордо.

Кара чай кани Кашкарда,

Койдун кани Кочкордо.

Жылкынын жайы Жумгалда.

Түлкүнүн кани Тар-Көлдө

Котоздун кани Сарколдо.

Хандардын тахты Кокондо. (39-бет)

Албетте,  Молдо Нияздын мындай сапаттарынын, биринчиден, таанып-билүүчүлүк мааниси өтө жогору болсо, экинчиден, угуп олтурган адамда чыныгы атуулдук, патриоттук сезимдерди уюткулантат. Үчүнчүдөн, сөз оролу келгенде айта кетчү нерсе, Молдо Нияздын бул сыяктуу санаттары орто мектептерде география, мекен таануу сабактарында да кеңири пайдаланылса эң сонун болор эле.

Айта кетчү нерсе – нукура дидактикалык мүнөзгө ээ санат-насыят ырларында Молдо Нияз ыгын таапөзүнүн жеке инсандык тагдырына мүнөздүү окуяларды да кошуп ырдап кеткен, Дегеле, кайсы жанрда болбосун автобиографиялык мүнөздөгү окуяларды ыктуу баяндап кетүү байыртадан бери Күнчыгыш поэзиясындагы эң эле мүнөздүү көрүнүштөрдүн бири. Мунун классикалык мисалы катары чылкый падышалардын, жомоктогудай баатырлардын баяны жазылган окуя тариздүү «Шах-намэде» да улуу Фирдоуси өзүнүн керт башына байланыштуу окуяларды (уулунун өлүмү жөнүндөгү окуянын берилиши ж.б.) ыктуу пайдалангандыгын көрсөтүп кетсек болот. Ал эми Молдо Нияз болсо, кеп башында айтылгандай, араб, фарси тилдеринде окуп гана эмес жаза да билген өз мезгилинин өзгөчө сабаттуу адамы болгондуктан Күнчыгыш поэзиясынын улуу дөөлөттөрү ырчы үчүн чоң чыгармачылык булак болгондугу өзүнөн өзү түшүнүктүү. Молдо Нияз да өзүнүн өмүрүнүн эң урунттуу учурларын, көргөн-билгендерин санаттарында ыгына жараша ар-ар жерде атка минип ырдап жүрүп олтурат:

Көрдүм жүрүп далайды:

Кара-Тегин, Алайды.

Катка салдым сабакты;

Кашкар менен табакты.

Көп көрдүм эшен, калпаны

Ат-Башы менен Арпаны.

Көргөмүн чукур Жумгалды

Көргөмүн шондо жыргалды.

Суусар телпек сулуулар

Сүзүп көзүн ыргалды.

Миң жылкылуу байлардын

Мингемин жакшы жоргосун.

Кашкарга койгон доргосун.

Сар жорго минип жүргөмүн

Суусамыр деген жерлерде.

Сарала жылкы айдаган

Сарбагыш, саруу, саякта –

Элдерде жүрүп көп көрдүм

Энди бармак каякта. (56-бет).

Же болбосо:

Жаңы өспүрүм жаштыкта,

Балачылык мастыкта

Баары журтту аралап,

Жакшыларды көп көрдүм.

Башы Токмок, Чүй, Талас,

Кетмен-Төбө, Суусамыр,

Кочкор, Жумгал, Ат-Башы,

Алай менен Анжиян,

Азизи көп Наманган

Жакшыларды көп көрдүм. (30-бет)

Бул ыр саптары Молдо нияз өз мезгилинде заман күүсүндөгү инсан болгондугун да далилдеп турушат.

Албетте, дамамат эл арасында болгон акын оокаттуу менен жардынын турмушун жакындан байкабай койон эмес.

Ошол эле учурда төбөлдөрдүн ким экендигин да анык сезгин. Ошондуктан бир жерде «Ит кыял бетпак залымдар» десе, бир жерде «Карөзгөй болсо бий болот» деп айткан. Ал эми мобул саптарга ар кандай комментарийдин кереги жок:

Бетпактын тиет балаасы,

Казанның жугат карасы.

Кардыда кызыл чок болот,

Казынын жеген парасы. (34-бет)

Арийне, бардык эле санатчылар сыяктуу Молдо Нияз да жакшы менен жаманды, аруулук менен карөзгөйлүктү катар коюп ырдоо менен пенде баласын пакизалыкка, тазалыкка, ыйман-ырыстуулукка, жоомартыкка үндөгөн. Мындай учурдагы санаттар кудум сабалаган жамгырдай болуп төгүлүп турат, бир укканда эсте каларлык даражада чыккан. Молдо Нияз минтип санаттайт:

Жаман сөздү көтөрүп,

Жакшынын көөнү дос болот.

Жакшы сөздү буйрубай

Жамандын пейли корс болот. (50-бет)

Же болбосо тике эле минтип айтат:

Жаман сөздү айтпаңар

Адамнын көңүлү гүл деген. (38-бет)

Же болбосо бузукулукту моминтип каргышка алат:

Үчү-төрт кошулуп

Үйү күйсүн бузуктун!

Эшигиден туташып,

Төрү күйсүн бузуктун.

Түтүн чыгып өлгөндө

Гөрү күйсүн бузуктун. (55-бет)

Улуу ырчынын мындай сапаттары калк ичиндеги ынтымак-ырашкерлик аба менен суудай керек болуп турган бүгүнкү күн үчүн да канчалык даражада терең мааниге ээ экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Молдо Нияздын көркөм мурасынын ичинде өзгөчө бөлүнүп турган дагы бир түрмөк бар. Ал – аял жөнүндөгү санаты. Эне менен асыл жар, эже менне алмончок карындаш эзелтен бери эле төкмөлөрдүн оозундагы ыры, комузчулардын дилиндеги күүсү болуп келген. Молдо Нияз да ушул ыргакты андан ары улантып, аялзатынын жакшы, жаманын параллелң коюп ырдайт. Арийне, баяндоонун мындай ыкмасы дилдеги ойду айтып берүү үчүн өтө оңтойлуу келип, санаттын жугумдуулугун арттырып турат. Ырчы минтип айтат:

Катындын жакшы чебери

Базардай үйүн гүл кылат.

Тул бээни сойдуруп

Туздатып кышта сүр кылат.

……………………………………….

Жаман катын жолукса

Жакшы эрин кул кылат.

Аш кылса ичин кыл кылат. (43-бет)

……………………………………….

Чайкап койвойт шунча ки

Казан-аяк, табагын.

Болор-болбос кеп болсо

Салган болот кабагын

Оромолун кайырып

Ачып алат уялбай

Кир басып калган тамагын. (89-бет)

Мына ошентип, «көзү өлүңкү кабак // күңкүлдөмө күң тамак» аялдарды Молдо Нияз жетесине жеткире шылдыңдай ырга салган. Ал эми мындай санаттардын таалим-тарбиялык мааниси чоң.

Арийне,Молдо Нияз өз заманынын уулу болгон. Ошондуктан ХIХ кылымдын орто ченинде жана экинчи жарымында жергебизде жүргүзүлгөн идеология анын атуулдук көз карашынын калыптанышында, дүйнөнү көркөм аңдап билүүсүнүн түптөнүшүнө өз таасирин тийгизген. Мындан башкача болушу мүмкүн да эмес эле. Молдо Нияз өзү чоң медреселерден (айталы, Кашкардагы) окугандыктан ислам динин ыйык тутуп, мусулманабаддын туусун бийик көтөргөн инсандардан болгон. Албетте, биз бул жерде «ислам дини зыяндуу» тафтология жөнүндө кеп кылып жатканыбыз жок. Негизги сөз Молдо Нияздын дүйнөкабылдоосунун калыпташыны жөнүндө болуп жатат. Ырчы:

Кыямат каыйм болгуча

Кыргыздан дин кетпесин, — деп (42-бет) жар салат. Бирок, жашоо

тиричиликтеги бардык нерсени бир Кудайдын амири менен гана байланыштуу кароо ырчыга канчалык сүймөнчүк менен мамиле кылбайлы баары бир анын дүйнөкабылдоосундагы бирбеткейлик катарф көрүнүп тура берет.

Жан-жаныбар тукумдап

Жазды худай жаратты.

Жаңы өспүрүм уланга

Назды худай жаратты.

Кара калем, ак кагаз

Хаты кудай жаратты.

Адамнын учур канаты

Атты худай жаратты. (28-бет)

Жыл он эки айдын бир мезгили жаз табияттын өзүнүн гана ички мыйзамынын тартуусу экендигин түшүндүрүп олтуруунун бул жерде кажети жок.

Молдо Нияздын көркөм мурасында өзгөчө бир сөз кыла турган нерсе – ырчынын орус баскынчылары жөнүндөгү айткандары, чыгарган тыянак пикирлери. Молдо Нияз орус империясынын баскынчылык саясатына бүт дили менен каршы турган. Анын мындай келишпес тыянактарына орустарга башка диндин өкүлү (бутпарас) катары мамиле жасоосу да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Биринчи табылган колкитептеги «Х санат дигараст» (Дагы бир санат) бүт бойдон орустар жөнүндө.

Мынакей ал санаттан айрым үзүндүлөр:

Мусулман мынча кор болду?

Бутпарас кафир зор болду.

…………………………………….

Көөгөндөй көгөрүп

Көзүң курсун бутпарас.

Балдыр-балдыр сүйлөгөн

Сөзүң курсун бутпарас.

……………………………………

Чачы сары себеттей

Башың курсун бутпарас.

Жаңы болгон макоодой

Кашың курсун бутпарас.

…………………………………..

Башы сары маймылдай

Балаң өлсүн бутпарас.

…………………………………

Катка түштү үйүбүз,

Каттык болду күнүбүз.

Кооп сийген кафирге

Кошулуп кетти бийибиз. (57-58-беттер)

Көрүнүп тургандай бул саптар эч кандай кошумча түшүндүрмөлөрдү талап этпейт, өзү жөнүндө өзү айтып турган түрмөктөр. Бир гана кошумчалаарыбыз: биз буга чейин жүрөксүп чочуп келген Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтардын «Коңкогой мурун, көзү көк» деген саптары Молдо Нияздын бул багыттагы ырларынын жанында «Сиз» дегендей эле сылык сөз болуп калат. Андан ары Молдо Нияз ушул духтагы каргышын уланта берет да анан:

Мусулманабад ңолсо экен,

Бузуктун баары өлсө экен, — деп жүрөк түпкүрүндөгү көксөөсүн, көөдөндөгү эң башкы арман-тилегин жарыя кылат. Абийирибизди сот тутуп ачыгын айтканда – улуу ырчынын бул санатын окуш өтө оор, бирок чыгармага көз жумуп коюу да адилеттүүлүккө жатпайт.

Молдо Нияздын орустарга бологн мамилеси өтө келишкис мүнөздө десек да болот. Кыргыздардын Орусияга кошулгандыгы турмушу муңкайгы менен гана коштолуп жүрүп олтурганын, улуттун эң мыкты уулдары империянын жасоолдору тарабынан аесуз жок кылынып жаткандыгын Молдо Нияз ар качан каңырыгы түтөп ырга кошкон. Экинчи колкитептеги «IVСанат дигар» (Башка санат) да дал ушундай маанайда жазылган.

Мусулман кафирга

Кор кылганын айтамын.

…………………………………..

Кафирди худай зор кылып,

Аяк асты мусулман

Басылганга күйөмүн, — деп (бет)

жазылган бул бапта Молдо Нияз орустар тарабынан өмүрү кыйылган, же тагдыры трагедияга айланган атуулдардын таржымалын баяндап берет. Биринчи колкитептеги «Х Санат дигараст» (Дагы бир санат) сыяктуу эле бул санатты окуш да өтө оор. Акын минтип  жазат:

Бейкүнөө бир кыл башыга

Док болгонго күйөмүн.

Маматаалы байбача

Байлыгы таин Атабек

Жок болгонго күйөмүн.

Өмөрбек журту атылып,

Кырылганга күйөмүн.

Бейпилдин журту абакка

Жыйылганга күйөмүн.

Кафирдин зулуму бу журтка

Өткөнүгө күйөмүн.

Амир наип бейкүнөө,

Сибир жолу Сибирге,

Кеткениге күйөмүн. (96-бет)

……………………………….

Отуз жылга жакындап

Орус келип зор болду,

Оң, солдун баары кор болду. (97-бет)

Жанатан берки сөздөн көрүнгөндөй Молдо Нияздын санаттары ошол өз мезгилинин коомдук-саясий турмушунда урунттуу делип эсептелинген өзгөчөлүктөр жөнүндө баяндоо менен бирге эзелтен бери келаткан жакшы, жаман жөнүндөгү ой-санаалар тууралуу айтып, көп кырдуу, көп түстүү мүнөзгө ээ. Бирок ушул жерде атайын токтоло кетүүчү бир жагдай бар. Ал мындай. Молдо нияздын чыгармачылыгына Б.МбЮнусалиевден кийин эле атайын кайрылган окумуштуулардын бири Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Владимир Плоских минтип жазат: «Молдо Нияздын санаттарында системалуу түрдө баяндалган, бүткөн бир чулу тема жок. Андан көрө белгилүү бир ырааттуулукта чогултулган бир катар темалар жөнүндө кеп кылганыбыз оң». [6] Кыргыз элинин көөнө тарыхы боюнча чыгаан окумуштуунун бул пикири бери эле болгондо кыргыз журтунун элдик оозеки чыгармачылыгында ырчылар поэзиясында эң орчундуу орунду ээлеген санаат-насыят жанрынын табиятын тереңден билбегендиктен айтылган ой. Дегенибиз, бул жанрдагы «…ырларда белгилүү бир каармандар, сюжет, окуялар жок, жөн гана элдин турмуш-тажрыйбаларынын жыйынтыгы берилет. Бул же тигил жаман-жакшы сапаттар саналып өтүлөт жана ошонун өзүнөн адамдарды оң сапаттарга үгүттөө идеясы көрүнөт… Төкмөчүлүк өнөрдүн ашкере чеберлери, сөз кору, ой жүгүртүүсү өтө бай, нускалуу акындар гана санат-насаат ырларын бийик деңгээлге чыгара алышкан да, алардын таланттуулугун өлчөөнүн негизги ченемдеринин бири ушул жанр болгон. Профессионал акындар да санат-насаат формасындагы ырларды жазып жүрүшөт, бирок ырчылар поэзиясы гана классикалык мыкты санат-насаат ырларды жаратканын тарых көрсөттү». [7] Мына ошентип, санат ырларынан тарыхчы В.Плоских жазгандай «системалуу түрдө баяндалган, бүткөн бир чулу тема» издөө бул жанрдын табиятында жок нерсени талап кылгандык менен барабар.

Молдо Нияздын санаттары жөнүндөгү ойду жыйынтыктап жатып дагы бир полемикалуу жагдайга токтоло кетпесек болбойт. Сөз Омор Соороновдун эмгектериндеги кээ бир талаштуу учурлар жөнүндө болмокчу. Мындай учурлар экөө. Биринчиден чебер изилдөөчү Молдо Нияздын табылган үч колкитебинин «шарттуу түрдө биринчи деп» эсептелгенин «…эки же андан көп колкитептерден топтолгон… өзүнчө тандалмалардын милдетин аткарган» жыйнак деп эсептейт да, бул пикирин биринчи болуп табылган колкитептеги санаттар менен экинчи жана үчүнчү болуп табылган колкитептердеги санаттарды салыштыруу аркылуу бекемдейт. Экинчиден, Молдо Ниязды адабиятчы профессионал жазма адабияттын өкүлү катары эсептейт. Ал турсун «…Молдо Нияздын профессионал акындарга тиешелүү болгон белгилерин жеткиликтүү, түшүнүктүү болсун деген ниетин» бекемдөө үчүн көптөгөн мисалдар тартылат. Бирок үч китепти дагы да дыкаттап окуган адам адабиятчынын бул пикирлери талаштуу экендигине ынанбай койбойт. Анткени, изилдөөчү чын дили менен далилдөөгө аракет кылгандай «Тандалмалардагы» (биз да шарттуу айтып жатабыз) санаттар берки эки колкитептеги чыгармалардан ар качан эле мыкты чыга берген эмес. Ал эми принцибинде «Тандалмалардагы» чыгармалар катардагы жыйнактардагы туундулардан бардык жагынан жогору болуп турушу кажет эмеспи. Анда эмесе фактыларга кайрылалы:

«Тандалмаларда»:

Тегирменниң таш кесип

Бирөө алам мен дээр

Айына сүткө тойбостон

Ата йүзүн көрүштө

Какшап калган жетимдер. – деп (4.28-бет) берилген түрмөктөр экинчи табылган колкитепте:

Тегирменге таш кесип

Бирөө дайым матиндар.

Ата йүзүн көрбөстөн

Эне сүткө тойбостон

Какшап калат жетимдер -деп (4.80-бет) берилет.

Же болбосо:»Тандалмаларда»:

Ыстык-Көл барып балалап

Индустан карап күз кетет,- деп (4.86-бет) берилген. Көрүнүп тургандай, бул жерде «Тандалмаларда» берилген саптар кийинки китептегилерден бир топ кунарсыз, бир кыйла начар, так-даана эмес. Ал эми айрым учурларда бүтүн бир түрмөктүн биринчи жарымы «Тандалмаларда» дурус болсо, калган жарымы экинчи табылган колкитепте дурус. Дагы да болсо далилге өтөлү. «Тандалмада» момундайча берилген түрмөк:

Тойгон көзү байларга

Жылкыны айдап, кой багып

Жыргалды көрүп жаз болсо

Алайды берип коюптур,

Хазирети кожолор

Назирди берип коюптур (4.29-бет) экинчи колкитепте момундайча берилет:

Жылкысын айдап жаз болсо

Жыргал менен байларга

Алайды берип коюптур.

Азирети кожолор

Аламан куштай энтелеп

Назирди берип коюптур. (4. 81-бет)

Ал эми айрым учурларда экинчи табылган колкитептеги эң сонун саптар «Тандалмаларга» кирбей калган. Демек, жогорудагы келтирилген мисалдардан улам, биринчиден, Молдо Нияздын эң алгач табылган колкитеби «Тандалма» жыйнактын милдетин аткара албайт. Бул ойдун дагы бир далили катары үчүнчү болуп табылган колкитепти сактап жүргөн Азимов Аманилланин мобул айткандарын келтирсек болот: «Китеп атамдан калган. Менин атам Азим медресени бүткөн экен. Ликбездин убагында мугалим да болуп иштептир…

… атам өлгөндөн кийин мен бул китепти кадырлабадым. Атаңдан калган китепти бир окуп берели дегендерге бере бердим. Сурап алгандар окуп көрүп, көңүлү сүйгөн ырларын айрып ала беришти. Мен ошого да көңүл бөлбөдүм. Акыры калың китеп жукарып ушунча калды. Азыр алты барагы бар». Мына ушундай. Биринчи табылган колкитепте « V санат дигараст», экинчи табылган колкитепке «11 санат дигар» деп киргизилген аял жөнүндөгү санат үчүнчү колкитепте жок. Балким, «сурап алгандар окуп көрүп» көңүлү сүйгөн ыр катары айрып алышкандыр. Мындай мисалдар көп. Демек, үчүнчү табылган колкитеп да барактары айрыла элек толук кезинде биринчи табылган колкитеп сыяктуу эле бүт санаттарды камтып тургандыр. Ал эми алгачкы эки колкитептен айырмаланып үчүнчү колкитепке санаттар менен кошо Курбанжан датка, Дыйканбай, Мырзабай, Кымчабел, Даткайым, Афанди ажы жөнүндөгү туундулардын топтоштурулгандыгын эсепке алчу болсок «сурап алгандар» «айрып ала беришип» «отуз алты барагы» калган бул үчүнчү табылган колкитеп балким, ырчынын эң толук жыйнагы болгондур. Демек, азыркы табылган биринчи колкитепти болжолдуу болсо да «Тандалмалар» деп алуу жарабайт.

Экинчиден, Молдо Нияз Омор Сооронов далилдөөгө аракет кылгандай «… профессионал акындардай эле бир колкитепте орунсуз пайдаланылган сөздөрүн, ыр саптарын, атүгүл бир нече ыр түрмөктөрүн сызып оңдоп, алмаштырып, же алып таштап» жазбастан, биздин терең ишенимибизде  ар бир колкитебин эсинде калганы боюнча кадимки төкмөлөрдөй жаадырып жазып кете берет. Муну пакиза изилдөөчү өзү да аңдап,  башка бир жерде «Молдо Нияз бир колкитебиндеги санаттарын экинчи колкитебине киргизгенде тикирейип сөзмө сөз көчүрүп олтурбагандыгын» белгилеп кетиптир. Иши кылып изилдөөчүнүн пикиринин минтип ачекей чыгышынын өзүндө эле көп мандем жаткансыйт. Ал эми ырчынын кайсы топтогу чыгармачыл инсан экендиги жөнүндөгү маселени жыйынтыктоочу болсок. Анда Молдо Нияз профессионал жазма адабияттын эмес ырчылыр поэзиясынын залкар өкүлү демекчибиз. Адабият жөнүндөгү илимде ырчылар поэзиясынын «жазгыч акындар» делип бөлүнүп жүргөн тобунун улуу өкүлү болуп эсептелинет. Анткени, Молдо Нияздын көркөм туундуларынын дээрлик баарысы профессионал жазма адабияттын эмес ырчылар поэзиясынын эстетикасынын алкагында жатат. Дал ушул принципиалдуу учурду эч качан эстен чыгарбашыбыз керек.

Молдо Нияздын санаттарынан башка да аркыл темадагы чыгармалары бар экендигин жогоруда айтып кеттик. Алардын эң көрүнүктүүсү болуп, албетте, Алымкул аталык жөнүндөгү баян эсептелинет. Дегеле кыргыз жергесинин Орусия империясынын кол алдына өтүшү өтө карама-каршылыктуу, өтө трагедиялуу болгондугу улам күн өткөн сайын айдан ачык болуп бара жатат. Кокон хандыгынын башкы увазири Алымкул аталык дал ушул өтө урунттуу учурда жашап, дал ушул учурда элибизге кызмат өтөп кеткен инсан. Молдо Нияз Алымкул аталыктын өмүр баянына баштан-аяк толук токтолуп олтурбайт, тек гана башкы увазирдин өмүрүндөгү эң бурулуш учурду, тагыраак айтканда, Олуя-Ата, Чымкенди империянын аскери келип камаганда «он эки миң топ алып, замбирекчини мол алып»,

Жети баш кафир орусту

Жер менне жексен кылам деп – «алды-кийин карабай» Алымкул аталыктын казатка аттангандыгын, бул биринчи согуштун кандуу жүрүшүн баяндап берет. Беттешүү өтө кандуу болуп,

Кафир менен мусулман

Армансыз уруш көп кылып,

Бирок ошондо да кызыл-кыргын бүтпөй, Алымкул жетектеген Кокон хандыгынын колу менен империянын аскери

Эч муратка жете албай

Элчи коюп арага

Эки жакка айрылды.

Бирок

Эки жыл өтүп арадан

………………………………………………….

Кайтып орус келди деп,

Кабар келди Ташкенден.

Бул салгылашуу да өтө ырайымсыз болуп,

Кафирге ташвиш түшкөндө

Бетпактар моюн сунарда

Оро (су) га оонарда

Мусулман журт  тынаарда (62, 63, 65 – беттер)

Алымкулга    ок жаңылат.Молдо Нияздын Алымкул аталык жөнүндөгү баяны бир күү менен жазылган , дал ошондой окулат.Алымкул аталыктын өз жеринен чексиз патриоту, өз элинин чыныгы уулу болгондугун Молдо Нияз сүреткер  катары толук жеткире алган.Бул бир. Экинчиден,Бул баяндын таанып-билдирүүчүлүк    касиети да жогору экендигин эске алчу болсок анда чыгарманын баа-салмагы андан бетер артат. Дегеле орус империясынын баскынчылык саясатына  каршы минтип найза менен да, калем менен да каршы туруу ошол   Х1Х  кылымдын орто ченинде мусулман калкынын арасында кеңири тараган мүнөздүү көрүнүш болуптур. Мунун айкын мисалы катары 1836-1838 – жылдары казак жергесинде Исатай Тайман уулунун жетекчилиги менен болгон элдик көтөрүлүштү   жана бул кандуу окуяны өмүр бою ырдап өткөн атактуу ырчы Мухамбет Өтөмис уулунун тагдырын көрсөтүп кетсек болот.

Ал эми  Молдо Нияз өзгөчө бир көтөрүңкү ыргак менен

Баатырлыгың барчага,

Азаматтыгың ааламга,

Бүтүндүгүң  Бухарага,

Үрүстөмдүгүң Урумга

Маалим болуп жетти  элде

Балли сизге, Алымкул! – деп (64-бет) ырга кошкон Алымкул аталык ким эле! Элибиздин өткөн тарыхындагы  атактуу бул адам жөнүндө аалымдар Б.Урустанбеков менен Т.Чороевдер момундайча жазышат: « Алымкул аталык.Молдо Алымкул  — түштүк кыргыздардлын феолал төбөлдөрүнүн жана саясий ишмерлеринин бири. Кыргыздын кыпчак уруусунан Кезегинде ал Алымбеке даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна такка Малла хан ды көтөрткөн.Бирок 1862-жылы февралда Малла хан өлтүрүлүп, тактыга Шаа-мурат отурган. Ал эми Алымкул Аталык хандыктын башкы вазири болуп дайындалган. 1863-жылы  жазында  Алымкул Аталык  төңкөрүш уюштуруп,  тактыга Малла хандын 12 жашар уулу Султан Сейитти отургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарып турган.(1863-1865). 1865-жылы Ташкендин  жанында орус падышачылыгына каршы согушта Алымкул Аталык  жарадар болуп өлгөн. 15 . Алымкул аталык  жөнүндө  тарыхчылардын берген маалыматтары  ушундай. Ал эми орошон жазуучу Т.Касымбековдун баарыбызга белгилүү «Сынган кылыч» романынан да биз Алымкул аталыкты дал ушул Ташкен алдындагы кызыл кыргын  салгылашуу учурунда көрөбүз: Ушул  учурда кокондуктардын аскербашчысы  да мерчемдүү өңүткө келген. Акбоз аргымактын тизгинин жыя тутуп, сары талаанын туш-тарабына, боз чаптуу майда адырларга, өңүт тандап бөлүнүп кетип жатышкан кошун кыйырына назар таштады.Көздөрү канталап, иреңи кубарып, бырышы көбөйүп, уйкудан жүдөгөн…. ……. ал эч ким  менен сүйлөшпөй, эч ким менен макулдашпай, туш-тарабын колун серелеп карап, акырын ооз кыбыратуу  менен керектүү буйруктарын   оң  канатка, сол канатка   берип  турду…. …… Анын ою  душманын  замбиректеринен бөлүп, алаксытып, желиктирип, ортону көздөй  көп такат кылбай кое берип, анан эки капталынан шап ороп,, окко карабай жабыла ат коюп кирип, бирме-бир  алгылашууга тартуу.Ага жеткнде генерал Черняев темир курчоодо каллмакчы. Жеткиреби ошого. 16. Мына ошентип, келтирилген мисалдардан ачык көрүнгөндөй, Молдо Нияз өз мезгилинин өзгөчө бир атактуу уулунун, Мекен үчүн, калк үчүн кара башын сайып койгон азаматынын өмүр баянын ырга кошуптур.

Алымкул аталык жөнүндөгү баян андан ары улантылып Кашкардын башкаруучусу Якуб-бек жөнүндөгү кепке өтөт. Бул жерде Молдо НИяз элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири  колдонулуп келген каргыш формасындагы баяндоого өтөт да, Якуб –бектин   арампөштүгүн, залымдыгын көрсөтүп берет:

Сакалыңды тердирип,

Кашың калсын Якуп-бек.

Кашкардан келбей шойакта,

Башың калсын  Якуп-бек.

Басып кеткен жериңде

Изиң калсын Якуп-бек.

Баса калып ыйлашып,

Кызың калсын Якуп-бек.

Казынаңда бузулбай,

Пулуң калсын Якуп-бек.

Колго түшүп байланып,

Улуң калсын Якуп-бек.

Атканада байланып,

Атың калсын Якуп-бек.

Айым болуп олтурган,

Катының  калсын Якуп-бек.

Аргын-ыргын жүгүргөн,

Чапканың калсын Якуп-бек.

Алты жыл сурап Кашкарды,

Тапканың калсын Якуп-бек.

Урматы улук болуучу

Имарат кылган усталар

Үйүң күйсүн Якуп-бек. (67-бет)

Баяндоонун формасына ылайык бул бөлүм өтө каардуу, жүрөк-жүлүнгө жетээрлик даражада жаралган. Молдо Нияздын     бул саптары Кашкардын төбөлү Якуб-бектин чыныгы жүзүн, карөзгөй турпатын бөтөнчө бир так-таамай ачып берип турат.

Дегеле, Молдо Нияз  өзүнүн даңазалуу замандаштары жөнүндө мүмкүн болушунча кеңири баяндап берүүгө умтулган ырчы болуптур.Алардын катарында даңазалуу Курбанжан датка, Кетмен-Төбөнүн айтылуу манабы  Дыйканбай жана да Көруулу , Мырзабайлар кошок  түрүндө көрсөтүлгөн. Бирок окурман  булардын ар бири жөнүндө Молдо Нияз сүреткер  катары  жеткиликтүү эле баяндап бергендигине күбө  болот. Булардан сырткары  Азим датка (Бир жерде миң  башы), Субанкул менен Тайыр, Мырзакул менен Ташбек сыяктуу өз мезгилинин эң  таасирдүү адамдарынын кабарын  угабыз Молдо Нияз ырчыдан. Ушул жерде  академик Аскар Какеевдин : «…….өткөн мезгилдин инсандарына баа берүүдө улуу Молдо  Нияз жазып кеткен адамдардын   өмүр баяндарын изилдеп, тактап, керек болсо анын «Санат дигарасттарын» негизги булак катарында кабыл алып тарыхый иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө не жетсин»,17 – деген жүйөөлүү пикирин да бир жолу эстей кеткенибиз оң. Ар качандан бир качан көйгөйлүү турмуштун көп кырдуу жактары, тарыхый  окуялар, даңазалуу инсандар  жөнүндө гана  кеп  салчудай  болуп  көрүнгөн Молдо Нияз  ашыктык лирикасынын  да чебер устаты  болуптур.»Даткайым» чыгармасын жогоруда мактоо, даңктоо иретинде   жаралган туунду  экенин  айттык. Ырасында эле мында биз «миң  үйлүү мундуз төрөсү миңбашы Максыттын» өмүрлүк жары  Даткайымга айтылган даңктоого күбө болобуз. Молдо Нияз анын «көрсөң көздү тайгылткан» сулуулугун, жайнаган ажарын,

Көк чайды көп  аччыг деп,

Памил чайды сасык деп,

Кара чайды кайнатып,

Каймактап шире чай кылат,  — болуп өмүр сүргөн айымдыгын даңктайт.

Эгерде «Даткайым» башка бирөөнүн өмүрлүк жарын даңктоо иретинде жаралса, «Кымчабелә нукура ышкы отунан, жүрөк күүсүнөн, көөдөндөгү оргуган сезимден улам пайда болгон чыгарма.

Чылбырдай чачың оролуп,

Мынчайам узун болорбу.

Ак бетинин ортосу

Мынчайам кызыл болорбу (124-бет)

Моюнга алып койчу нерсе ушул: мындай саптар ырчылар поэзиясынын өкүлдөрүнүн  чыгармачылыгында чанда    гана учурайт.Кымчабелге  болгон сүйүү тээ байыркы араб уламышындагы Лайли сулууга болгон  теңдешсиз арзуу сезиминен улам Мажнун («акылынан   адашты», «жинди болду» деген сөз) атка конгон  Кейс деген   акын жигиттин сүйүүсүндөй эле бар. Биздин ырчы  тике эле минтип жазат:

Жүрөк күйөт Кымча деп

Жүргөн жерин таба албай

Кетменим  калат жайында. ( 122-бет)

Ал эми мобул саптар алоолонгон ички жалынды, ашык болгон адамын бүт жан-оту менен сүйгөн теңдешсиз ыйык сезимди  жана баарынан да ошол сезимди нукуралыгын, аруулугун туюндуруп турушат:

Алаша бойлуу, кымча бел

Алтының бар пүчүңдө

Алооң менин ичимде.

Күйкө көз бала кымча бел

Күмүшүң бар пүчүңдө

Күйүтүң менин ичимде. (125-бет)

Ошондой эле бул  баяндагы:

Калемпир мончок тагынып,

Какшадым, бозой, сагынып,-

Деген саптар эң сонун табылган поэтикалык туюнтма катары ырчылар поэзиясынын кийинки өкүлдөрү тарабынан ар түрдүү вариациялангандыгын эске алчу болсок, анда  «Кымчабелдин» көркөм туунду катары бийиктиги ансайын даана көрүнө берет.

Кыскасы, Молдо Нияздын ашыктык лирикасынын туу чокусу болгон «Кымчабел» деген бул чыгармасы  ырчылар  поэзиясындагы арзуу лирикасынын классикалык туундуларынын бири десек болот. Молдо Нияздын чыгармаларында  тарыхый инсандар менен тарыхый чыгармалар чагылдырылат.

Молдо Нияз чыныгы көркөм талант катары өтө бийикте жанган   жылдыз. Ошондуктан  анын  санаттарында   кеңири пайдаланылган уйкаштыктын  ар кандай  түрлөрү ,баяндоонун  түркүн-түс ыкмалары кадыресе көрүнүш катары гана кабыл алынат.Сөзүбүз кургак болбосун үчүн  бир эле  мисалга кайрылалы. Айталы, тигил же бул тарыхый  инсан жөнүндө кеп салганда Молдо Нияз негизги кейипкерди тарыхта  болуп өткөн көптөгөн-көптөгөн адамдар менен салыштыра баяндап берет.Мисалы, Дыйканбай  жөнүндөгү санатта  Кетмен-Төбөнүн  көзү өткөн бул манабы Кудаяр менен  Нурактай ,» болорман чыккан Байтиктей» ,  «Жантай баатыр баласы….Шабдандай», «миңбашы  датка Максыттай», «Жолборс менен Кушпактай, «көрүп өткөн давлатти // Нусуп менен Чыйбылдай», Абдылдабек, Асанбектей, «Алымкулдун баласы // Адөөлөт  мырза   Шерматтай «  , койчу , санай берсе узара берет, кыскасы, кыргыз жеринин төрт бурчундагы эл башчыларынын  баарысына окшош экендиги айтылат.

Дал ушундай   эле көрүнүштү Даткайым жөнүндөгү санаттан да көрөбүз.Молдо Нияздын көркөм мурасы жөнүндөгү сөздүн соңунда дагы бир принципиалдуу жагдайга токтоло кеткенибиз оң.Омор Сооронов  бир ирет минтип жазды эле  : « Молдо Нияздын кол жазма мурастарын окуу ушуну менен эле такталып калды дегенден алысмын.Орус элинин «Игордун кошуну тууралу Сөз» деген, 691 саптан турган, жазма эстелигин В.А.Жуковский,Н.А.Заболоцкий, Д.С.Лихачев, И.И.Шкляровскийлердин дөө-шаа акындары менен илимпоздору баштаган канчалаган кишилер өз алдынча окушуп, басма  беттерине көчүрмөлөрүн жарыялашканы кимге маалим эмес.Раушанбек экөөбүз окуп, көчүрүп чыгып, сиздерге тартуулап жаткан тексттеги күмөн санаткан сөздөрдү, сөз айкашлыштарын кайрадан  окуп, кыргыз жазма фондусундагы азырынча жападан жалгыз саналган бул өтө баалуу поэтикалык мурастын  бүткүл ажарын ачып,, окурмандарга ойдогудай жеткирүүдө жаштардан жалындап чыккан азаматтардын болоруна ишенемин жана күтөмүн».18. Ал эми «Игирдун кошуну жқөнүндө сөздү» казак элинин чоң акыны  Олжас Сулейменов тарабынан «АЗ и Я» китебинде кайрадан окулуп чыкканын 19 эске алчу болсок бул иштин канчалык даражада актуалдуу экендиги өзүнөн өзү эле түшүнүктүү болот. Раушанбек Зулпукаровдун көмөгү менен азыркы тамгага көчүргөн Омор Соороновдун  жана Амманила Азимов окуп берип кагазга түшүргөн Тайтөрө  Батыркуловдун «Кымчабел» , «Афандим» деген  чыгармалардын тексттерин салышытырып көрсөк эле бул  багытта  аткарчу жумуштар али көп экендиги айкын болот. «Кымчабел»  Р.Зулпукаров  менен О.Соороновдо 208 ыр сабынан турса, А.Азимов менен Т.Батыркуловдо  199  сап  болуп калган. Ал эми «Афандим» баянынын көчүрмөсүндө түшүп калган саптар эки топтун  тең сунуш кылган  варианттарында кездешет. Иши кылып бул багытта да аткаруучу жумуш бир топ.

Жыйынтыктап айтканда, бир замандан бир заманга өтүп колго тийип олтурган Молдо Нияздын көркөм дүйнөсү  улуттук адабиятыбыздан өзүнүн мыйзамдуу ордун тапты. Кыргыз поэзиясынын асманында ырчынын жарык жылдызы балбылдап жанып тура бермекчи.

Молдо Нияз жөнүндөгү сөздүн соңунда дагы бир принципиалдуу жагдайга  токтоло кеткенибиз оң. Омор Сооронов бир ирет минтип жазды эле: «Молдо Нияздын кол жазма мурастарын окуу ушуну менен эле такталып калды дегенден алысмын. Орус элинин «Игордун кошуну тууралуу Сөз» деген, 691 саптан турган жазма эстелигин В.А.Жирмунский, Н.А.Заболоцкий, Д.С.Лихачев, И.И.Шкляровскийлердей дөө-шаа акындары менен илимпоздору баштаган канчалаган кишилер өз алдынча окушуп, басма беттерине көчүрмөлөрүн жарыялашканы кимге маалим эмес. Раушанбек экөөбүз окуп, көчүрүп чыгып, сиздерге тартуулап жаткан тексттеги күмөн санаткан сөздөрдү, сөз айкаштарын кайрадан окуп, кыргыз жазма фондусундагы азырынча жападан жалгыс саналган бул өтө баалуу поэтикалык мурастын бүткүл ажарын ачып, окурмандарга ойдогудай жеткирүүдө жаштардан жалындап чыккан азаматтардын болооруна ишенемин жана күтөм». (5.) Ал эми «Игордун кошуну жөнүндө сөздү» казак элинин чоң акыны Олжас  Сулейменов тарабынан «АзиЯ» китебинде кайрадан окулуп чыкканын (6.10-188-беттер) эске алчу болсок бул иштин канчалык даражада актуалдуу экендиги өзүнөн өзү эле түшүнүктүү болот. Раушанбек Зулпукаровдун көмөгү менен азыркы тамгага көчүргөн Омор Соороновдун жана Аманилла Азимов окуп берип кагазга түшүргөн Тайтөрө Батыркуловдун «Кымчабел», «Афандим» деген чыгармалардын тексттерин салыштырып көрсөк эле бул багытта аткарчу жумуштар али көп экендиги айкын болот. «Кымчабел» Р.Зулпукаров менен О.Соороновдо 208 ыр сабынан турса, А.Азимов менен Т.Батыркуловдо 199 сап болуп калган. Ал эми «Афандим» баянынын көчүрмөсүндө түшүп калган саптар эки топтун тең сунуш кылган варианттарында кездешет. Иши кылып бул багытта да аткарчу жумуш бир топ.

Жыйынтыктап айтканда, бир замандан бир заманга өтүп колго тийип олтурган Молдо Нияздын көркөм дүйнөсү улуттук адабиятыбыздан өзүнүн мыйзамдуу ордун тапты. Кыргыз поэзиясынын асманында ырчынын жарык жылдызы балбылдап жанып тура бермекчи.

 Пайдаланылган адабияттар

  1. Сооронов О. Кыргыз жазма мурастарынын башаты. – К-те: Молдо Нияз. Санат дигарасттар. (Арап тамгасындагы эски жазмадан азыркы тамгага Р.Зулпукаровдун көмөгү менен көчүргөн, китеп кылып түзгөн жана Баш сөзү менен сөздүктөрүн, кошумчаларын жазган Омор Сооронов) –Бишкек, 1993. – 3-4-беттер.
  2. Какеев А. Атын атаса куту сүйүнөт. // Кыргыз туусу, 1993, 15-ноябрь.
  3. Сооронов О. Көрсөтүлгөн эмгек, 4-бет.
  4. Богданова М.И. О некоторых вопросах истории киргизской литературы XIX и начала XXв. – Кыргызский филиал Академик Наук СССР. Труды ИЯЛИ. Выпуск III, 1952. – 107-бет.
  5. Сооронов О. Көрсөтүлгөн эмгек, 13-бет.
  6. Эрматов Э. Молдо Нияз жазма адабияттын көч башы. // Тулпар, 1991, №1.
  7. Юнусалиев Б.М. Молдо Нияз. // Ала Тоо. 1989, №1. 78-79-беттер.
  8. Сооронов О. Көрсөтүлгөн китеп, 161, 11-беттер.
  9. Эрматов.Э Көрсөтүдлгөн макала.
  10. Сооронов О. Көрсөтүлгөн эмгек, 13-бет.
  11. Юнусалиев Б.М. Көрсөтүлгөн эмгек, 79-бет.
  12. Плоских В. Кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки жазма эстеликтери. // Кыргызстан маданияты, 1989, 5-янвварь.
  13. Шериев Ж., Муратов А. Кыргыз адабияты / Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. –Бишкек, Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1994, 82-83-беттер.
  14. Батыркулов Т. Молдо Нияздын китеби. (Изилдөөчүнүн жол дептеринен) // Ала Тоо, 1989, №1, 81-бет.
  15. Урустанбеков Б.У.., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Ф.: 1990. – 15-бет.
  16. Касымбеков Т. Сынган Кылыч. Роман. Эки томдук тандалган чыгармалар. 1-том. – Ф.: Мектеп, 1990. – 178, 179, 180-беттер.
  17. Какеев А. Атын атаса куту сүйүнөт. // Кыргыз туусу, 1993, 12-октябрь.
  18. Сооронов О.Молдо Ниязкыргыз жазма мурасынын көч башы. // Кыргыз руху, 1992. 11-март.
  19. Сулейманов О. АЗ и Я. Книга благонамеренного читателя. – Алма-Ата, Жазушы, 1975. – 10-188-беттер.

Автору Садык АЛАХАН