Бишкек шаарында 15-марттан тарта «Жол-көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алагында көчөлөрдү реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу  мэрия  билдирди. Бул долбоор Кытай грантынын эсебинен ишке ашып жатат.

Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө автоунаалардын кыймылына чектөөлөр болот.

Чектөө боло турган көчөлөрдүн тизмеси:

  1. Каркыра көчөсү Гагаринден тарта Ак-Ордо көчөсүнө чейин (Ак-Ордо)
  2. Түгөлбай ата көчөсү Ибраимовдон Орозбеков көчөсүнө чейин
  3. Айбийке көчөсү Гагаринден Ак-Ордодогу темир жол өтмөгүнө чейин
  4. Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиевден Манас проспектисине чейин
  5. Жунусалиев көчөсү Абдрахмановдон Арча-Бешиктеги Масалиев көчөсүнө чейин
  6. Стадион көчөсү Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистралга чейин
  7. Көкчөтай көчөсү Махатма Гандиден Тоголок Молдо көчөсүнө чейин
  8. Ташкент көчөсү Турусбековдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин
  9. Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушундагы Жеңиш көчөсүнө чейин
  10. Сухэ-Батор көчөсү Каралаевден Шабдан баатыр көчөсүнө чейин
  11. Койбагарова көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаев көчөсүнө чейин
  12. Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан датка көчөсүнө чейин
  13. Буденный көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейин
  14. Огонбаев көчөсү Ибраимовдон Осмонкул көчөсүнө чейин