Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы  баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Ошондой эле Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

«16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт», — деген.